Бул тууралуу 23-ноябрда «АБН» маалымат агенттиги билдирди. Эртең мененки саат бештерде Тоснен райондук полиция бөлүмүнө Москва – Санкт-Петербург автотрассанын жол боюндагы көпүрө алдынан жансыз дене табылганын кабарлашкан. Мигранттын жансыз денеси Ям-Ижора айлына жакын жердеги көпүрөнүн алдында жаткан экен. Жол боюнда ичинде эч ким жок “КамАз” токтоп турган.
Полиция окуя болгон жерге барып, жансыз дене 43 жаштагы кыргызстандык экенин аныкташкан. Ал Орусияга бир жыл мурун келген экен. Азыр тергөө амалдары жүрүүдө.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ