Menu

Видео – Тынчтык митингге депутаттардан жалгыз Дастан Бекешов катышты. Ал эмнелерди айтты?

Бөлүшүү:

Бүгүн, 25-ноябрда Ак үйдүн алдына активист жарандар чогулуп, тынчтык митинг өткөрүп, талаптарын бийликке айтып, тынч тарап кетишти. Алгач алар Гимн ырдап, андан соң Апрель ыңкылабында окко учуп, каза болгондордун жаркын элесине арналып тургузулган айкелге гүлчамбар коюшту. Алардын арасында укук коргоочулардан Рита Карасартова, Гүлшайыр Абдрасулова, юрист Клара Сооронкулова, жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров жана ЖК депутаттардан жалгыз Дастан Бекешов жүрдү.

Тынчтык митингге чыккандар колдоруна «Уурулардын орду түрмөдө!», «Реакция. Реалдуу реформалар жүргүзүлсүн!», “Бийлик – бул биз”, “Райым камалсын!”  деп  жазылган плакаттарды кармап алышкан. Ушундай талап менен чыккандарын уюштуруучулар айтышты.  Алардын айтымында, алар Кыргызстанды талап-тоногон коррупционерлерге каршы, ага жарандар жол бербеши керек! Коррупционерлердин атын атап турушу зарыл. Президент Сооронбай Жээнбеков коррупционерлердин атын атоого өзү жол ачып бергендигин баса белгилешти. “Коррупция менен күрөшүүдө эч кимди аябайм, тууган, досума карабайм, болгону атын ачык атагыла!”,-деген Сооронбай Шарипович деп, “мына биз атап чыктык”,- деп президенттин айткан сөзүн да эскертип жатышты.

Аларга милиция келип эскертүү берди, тагырагы Бишкектин Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгынын башчысы Акылбек Казакеев келип, митинг мыйзамсыз өтүп жатканын айтты. Ал Бишкектин Биринчи май райондук сотунунун 13-ноябрдагы чечимин жүйө келтирип: «13-ноябрдан баштап негизги аянтка митинг өткөрүүгө болбойт» деп тыюу салынган. Ошондуктан бул митинг мыйзамсыз, – деди.

Ага болбой эле, алар: “биздики мыйзамдуу, милиция биз менен!” деп кыйкырып жатышты. Ал эми А.Казакеевге укук коргоочу, юрист Гүлшайыр Абдрасулова кагаздарды көрсөтүп, митинг мыйзамдуу экенин жана тынчтык жолу менен тарап кетишээрин айтты. Кыскасы, экөө бири-бирин түшүнүү менен кабыл алды.

Ал эми депутат Дастан Бекешевдин айтымында, ал активист жарандарды колдоо үчүн чыккан, алардын коюп жаткан талаптары туура. Мамлекеттин чөнтөгүнө кол салган, элдин ырыскысын талап-тоноп, мыйзамсыз иш кылган коррупционерлер мыйзам алдында жооп бериши керек деп эсептейт.

Ошентип, митингге чыккандар тынчтык жолу менен тарашты, бирок, бул акциянын алгачкысы, коррупция менен күрөшүүдө биринчи эле кадамдары экенин баса белгилеп, бийликке коңгуроо кагышты.

Тынчтык митингдин жүрүшүн төмөндөгү видеодон көрүңүз:

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 3 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: