Menu

«Тазалык» ишканасы бүгүнкү митингчилерге ыраазычылык билдирди

Бөлүшүү:

Бүгүнкү (25-ноябрда) Бишкекте өткөн активист жарандарга «Тазалык» ишканасы ыраазычылыгын билдирди. Бул тууралуу аталган ишкананын басма сөз кызматы билдирди.

Анын айтымында, митингчилер баарын өздөрү тазалап кеткендиктен аянт таптаза болгон. Бир да грамм таштанды чыгарышкан эмес. Аянттын тазалыгына кубанган ишкана активист жарандарга ыраазычылык билдирген.

Эске сала кетсек, бүгүн эртең менен Ак үйдүн алдына активист жарандар коррупцияга каршы акция уюштурушкан. Ага эки миңдей киши катышкан. Акцияны уюштуруучулары ошондо эле: “Таштанды таштабагыла! Тазалыкты сактайлы!”,-деп чогулгандарга эскертишкен. Эскертүүнү эске алган элибизге биз да ыраазыбыз! Эми жандүйнөсүн тазалашса, андан сонун болоор эле.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 2 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: