Menu

Видео – Данияр Сыдыков: Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаевдин Кыргызстанга мамлекеттик визити болот жана ЖККУнун Жамааттык коопсуздук Кеңешинин кезектеги сессиясы өтөт

Бөлүшүү:

«Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун чакыруусу менен 27-ноябрда Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаевдин Кыргызстанга мамлекеттик визити болот жана Бишкекте ЖККУга мүчө уюмдардын сессиясы өтөт», — деп белгиледи КР Президентинин Аппаратынын Тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков бүгүн, 25-ноябрда өткөн пресс-конференцияда. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирет.

Ал мамлекеттик визит эки тараптуу кызматташуунун саясий деңгээлин тастыктаган визиттин эң жогорку формасы экенин баса белгиледи.

«Казакстандын Президентинин Мамлекеттик визитинин алкагында кыргыз-казак кызматташтыгынын келечектүү маселелери боюнча пикир алмашуу болот. Көп пландуу кыргыз-казак кызматташтыгын кеңейтүүгө багытталган бир катар эки тараптуу документтерге кол коюу пландалууда», — деп белгиледи Данияр Сыдыков.

Чек ара кызматташтыгы, транспорт, миграция, саламаттыкты сактоо ж. б. чөйрөлөр боюнча документтерди кабыл алуу күтүлгөнүн маалымдады.

«Мындан тышкары, визиттин алкагында Кыргызстан жана Казакстан Жогорку Мамлекеттер аралык Кеңешинин 5-жыйыны өтөт. Бул жыйын акыркы беш жылдан бери биринчи жолу өтөөрүн белгилей кетүү керек. Анын жыйынтыгында тийиштүү чечимдер кабыл алынат», — деп кошумчалады Данияр Сыдыков.

ЖККУнун Жамааттык коопсуздук Кеңешинин кезектеги сессиясын өткөрүүгө байланыштуу тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Президент Сооронбай Жээнбековдун чакыруусу менен сессиянын ишинде Беларусь Республикасынын Президенти Александр Лукашенко, Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаев, Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин, Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмон, Армения Республикасынын Премьер-министри Никол Пашинян жана КМШ аткаруу комитетинин аткаруучу катчысы Сергей Лебедев катышаарын билдирди.

Сессиянын жүрүшүндө ЖККУнун ишинин алкагында эл аралык жана аймактык коопсуздук боюнча актуалдуу маселелер тууралуу пикир алмашуу болот.

«ЖККУнун ЖКК отурумунун күн тартиби 21 маселеден турат. Кыргыз тарабынан демилгеленген глобалдык жана регионалдык коопсуздукту бекемдөө максатында ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин эл аралык өз ара аракетенишүүсүн жана кызматташуусун жакшыртуу жөнүндө документ негизги саясий документ болот.

Жыйындын жүрүшүндө бир катар документтерге, алардын ичинде туруктуу иштеген ЖККУнун уставдык органдарынын каржы жана уюштуруу иштери менен байланыштуу документке кол коюлат жана Уюмдун 2020-жылга бюджети бекитилет», — деп баса белгиледи Данияр Сыдыков.

Ал белгилегендей, ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин жыйынынын алдында Тышкы иштер министрлер Кеңешинин, Коргоо министрлеринин Кеңеши жана ЖККУ Коопсуздук Кенештеринин катчыларынын комитетинин биргелешкен жыйындары өтөт.

«ТИМК, КМК жана ККККнын биргелешкен жыйындарынын күн тартиби тараптар ортосунда макулдашылып, 22 маселеден турат. ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин жыйынынын алкагында делегация башчылары менен эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулоо үчүн эки тараптуу жолугушуулар пландалууда», — деп белгиледи Данияр Сыдыков.

КР Президентинин Аппаратынын Тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков саммит өткөрүү учурунда боло турган ыңгайсыздыктарга, жолдордун тосулушуна жана башка коопсуздук чараларына түшүнүү менен мамиле кылууну шаардыктардан өтүндү.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 37 + = 40

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: