Шейшемби, 19-ноябрь күнү Кыргыз Республикасынын Корея Республикасындагы Элчиси Динара Кемелованын Түштүк Кореянын Ички иштер министирлигинин электрондук өкмөтүнүн Бюросунун Генералдык директору Чой Янг Юк менен жолугушуусу болду. Жолугушуу учурунда санариптештирүү жана электрондук ɵкмɵт багытындагы эки тараптуу кызматташтыкты активдештирүү талкууланды.
Элчи Кыргыз Өкмөтүнүн демилгелери жана мамлекеттеги санариптештирүү боюнча жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө айтып берди жана Кыргызстанда IT академиясын түзүү, Кыргызстандык IT тармагындагы адистерди окутуу, мамлекеттик кызматтарды санариптештирүүдɵгү Кыргызстандын потенциалын жогорулатуу, киберкоопсуздук жана башка тармактарга жардам берүү сунуштарын айтты.
Эки тарап Кыргызстандын электрондук Ɵкмɵт тармагындагы муктаждыктарын изилдɵɵ үчүн Кореялык электрондук Ɵкмɵт тармагындагы эксперттеринен куралган делегацияны Кыргызстанга 2020-жылы жɵнɵтүү жана Кыргызстандык адистерди Корея Республикасына жылдык окутуу мүмкүнчүлүгүн талкуулашты.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ