Menu

Эмнеге импорт боюнча Кыргызстан менен Кытайдын статистикасында айырма бар?

Бөлүшүү:

“Силер импорт 2,5 млрд доллар түздү деп жатасыңар. А эмнеге Кытай 5 млрд доллар деген санды көрсөтүп жатат? Эмнеге Кытайда анчалык айырма?” – деп 25-ноябрда депутат Зиядин Жамалдинов (“Өнүгүү-Прогресс”)  ЖКнын бүджет жана финансы комитетинин жыйынында суроо салды.

Буга Мамлекеттик бажы кызматынын башчысы Алтынбек Торутаев кытай статистикасы боюнча мисал келтирди.

“Эгерде 2018-жылдын базасын карасак, кытай базасы боюнча бизге бийик үйлөрдү курган 700 миң кран экспорттолгон. А бизде – 30 кран деп турат. 30 кранды киргизген ар бир фирманы билем. А кытайлар 700 миң деп көрсөтүп жатат. Бул өтө эле көп, биз өзүбүз так санга кызыгдарбыз, ошондуктан Кытайга жылына экиден кат жазып калдык. Өз мыйзамдарына шылтоолоп, бизге толук маалымат бербей жатышат. Ошондон улам ушундай айырма чыгып жатат”, – деди А.Торутаев.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 80 − 71 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: