Menu

Жалал-Абадда чылым чеккен окуучуларга айып пул салынды

Бөлүшүү:

Жалал-Абад шаарында “Мектеп – телофонсуз жана коопсуз аймак” деген иш-чара болуп өттү. Бул тууралуу 25-ноябрда облустун ИИБиси билдирди.

Маалыматка ылайык, жашы жетелек балдардын иши боюнча инспекциянын кызматкерлери облус борборунда мектеп окуучуларында болчу мушташ менен мектеп рэкетин алдын алуу боюнча атайын рейд өткөрдү. Рейд эки бөлүктөн турду.

Натыйжада коомдук жайларда тамеки чеккен окуучулар кармалып, аларга айып пул салынды. Ошондой эле соода түйүндөрдө адашып кеткен эки өсүпүрүм табылды. Ошондой эле майда уурулуктун беттери ачылды.

Рейддин экинчи бөлүгүндө мугалимдер жана соцкызматкерлер менен биргеликте мектептерде лекциялар окулуп, интернеттин терс жактары тууралуу түшүндүрмө берилди, телефонсуз жүрүүгө көнүү керектигин да белгилешти.

Жалал-Абад шаарында 40 миңден ашык окуучу 20 мамлекеттик жана 7 жеке мектепте окушат. Балдар менен шаарда 7 инспектор иш алып барат.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 5 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: