Menu

Sozcu: Өлтүрүлгөн А.Саймаити 10 миң доллар пара берип, консулдун машинесин ижарага алган

Бөлүшүү:

Ушинтип 25-ноябрда түрктөрдүн Sozcu басылмасы билдирди.

2019-жылдын 10-ноябрында Ыстамбулдан Айэркен Саймаити өлтүрүлүп, ал токтогон мейманкананын жанынан Ыстамбулдагы Кыргызстандын башкы консулдугуна тиешелүү 34 CC 2902 номуру бар Range Rover автоунаасы табылган.

12-ноябрда президент С.Жээнбеков консул Э.Сопоковду кызматтан алып, ал эми ТИМдин басма сөз кызматы Э.Сопоков эмнеге анын автоунаасы киши өлтүрүлгөн жерде болуп калганын түшүндүрө албай койгонун билдирген. Sozcu басылмасы президенттин мындай чечимин Сопоков Саймаитиден пара алганына байланыштырат.

Көп өтпөй Түркиянын Адана шаарынан полиция киши өлтүрүүгө шектелген Хусейн Ахметалиевди жана Абдулла Энверди кармашкан. Аларды түрк басылмалары кыргыз жарандары катары беришүүдө. Ошондой эле сириялык Али Исбе деген жаран кармалган.

Түрк ММКларынын маалыматына ылайык, мындай кылмышка баруунун себеби – 1 млн 250 миң доллар болгон. Саймаитиге кол салышкан учур видеокөзөмөлгө түшүп калган.

Айэркен Саймаитинин ысымы Кыргызстанда “Азаттык” радиосунун май айындагы иликтөөсүнөн кийин белгилүү болгон. Кыргызстандын финчалгындоо мамкызматы тарабынан Айэркен Саймаитинин кыймыл-аракеттери боюнча маалыматтарды июнда таратышкан. Андан кийин Финпол Саймаити менен жубайы Вуфули Бумайляму экөөнүн банктык акча которуулары жөнүндө маалымат келтиришкен.

Ал маалыматка ылайык, 2010-жылдан 2017-жылга чейин Айэркен Саймаити, анын жубайы жана “Абдыраз” ЖЧКсы аркылуу Кыргызстандан 700 млн доллар акча каражаттары чыгарылганы айтылган.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 59 − = 58

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: