Menu

Кыргызстан менен Түркиянын ички иштер министрлери Айеркен Саймаитинин өлүмү тууралуу сүйлөшүштү

Бөлүшүү:

Кечээ,  25-ноябрь күнү Кыргыз Республикасынын ички иштер министри, милициянын генерал-майору Кашкар Жунушалиев Түркиянын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин ички иштер боюнча кеңешчиси  Мехмед Татлы  жана Түркия Республикасынын ички иштер министрлигинин Кыргыз Республикасындагы өкүлү Тунжай Алян менен жолугушту. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө бир катар маселелерди, анын ичинен Стамбулда жасалган кылмыш-Айеркен Саймаитинин өлтүрүлүшү боюнча иликтөөнүн жүрүшүн талкууга алышты.

Ошондой эле,  Кыргыз Республикасынын ички иштер министри Кашкар Жунушалиев Түркиянын ички иштер министри Сулейман Сойлу менен телефон аркылуу сүйлөштү. Тараптар укук коргоо органдарынын учурдагы эки тараптуу кызматташууларына  жогору баа беришип, туруктуулукту жана коопсуздукту камсыздоо максатында мындан ары күч-аракеттерди жумшоолорун баса белгилешти.

Телефон менен сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Айеркен Саймаитинин өлтүрүлүшү боюнча зарыл болгон маалыматтарды берүү жөнүндө макулдашышты. Кашкар Жунушалиев өлкөлөр ортосундагы көп жылдык достук мамиле Кыргызстан менен Түркиянын укук коргоо органдарынын ортосундагы кызматташууну бекемдөө менен профессионалдык карым-катнашын  өнүктүрүүгө кызмат кылаарын билдирди.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 27 − 18 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: