Бүгүн, 26-ноябрда, таңкы саат 07:08де Ошто жер титиреди. Бул тууралуу ӨКМнин басма сөз кызматы билдирди.
Алардын маалыматына караганда, Ош облусунун аймагында 3 баллга жеткен жер титирөө катталган. Өзгөн районунун Жийде, Ничке-Сай, Ак-Терек айылдарында 2,5 баллга чейин жеткен. Жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ