Menu

Видео – Нарын Айып, журналист: “Эки журналисттик иликтөө – эки башка көз караш”

Бөлүшүү:

Өткөн аптанын аягында удаасы менен эки журналисттик иликтөө жарыяланды. «Клооп» деген жаштар порталы – баш ордосу Сараево шаарында жайгашкан «Коррупция менен уюшкан кылмыштуулукту иликтөө боюнча эл аралык долбоор» жана баш ордосу Прага шаарында жайгашкан «Азаттык» радиосу менен кошо жүргүзгөн иликтөөсүн жарыялады.

Ошол эле жума күнү кечинде – акыркы жылдарда «Азаттыктын» редакциялык саясатында болуп жаткан көзгө көп байкалбаган, бирок принципиалдуу өзгөрүүлөргө арналган Эрнис Кыязовдун иликтөөсү чыкты. «Азаттык» радиосу өзүнүн акыркы иликтөөсү менен май айында жарыяланган иликтөөсүндө кеткен каталарды оңдоп, Атамбаевдин бийлиги учурунда аны менен кызматташканын жууп кетүүгө аракеттенген.

Бул эки иликтөөгө коомчулук тарабынан болгон мамиле дагы кызык. Аларды көргөндөр да, көрбөгөндөр дагы, көрүп, бирок түшүнбөгөндөр да эки жаатка бөлүндү. Биринчи топ – эмне деп айтса дагы, «Азаттыкты» колдогондор. Алар – «Азаттыкка» каршы сын айткандын баарын эл душманы катары сыпаттайт. Экинчи тарап болсо – «Азаттыкты» кимдир бирөө Батыштан башкарып, кыргыз коомун бөлүп-жарууга аракеттенүүдө дейт.

Бирок эки тараптын бир окшоштугу бар – акыркы мезгилде жарык көргөн маалыматтарды алар талдап, түшүнүүгө аракет көрбөйт, анткени ан үчүн ойлонууга тийиш жана убакыт коротуш керек. Алардын алдын ала калыптанган кандайдыр бир турумдары бар жана жаңы маалыматтын баарын алар ошол калыпка салып-тууралап, ага төп келбеген ой-пикирди түшүнгүсү келбейт жана анын баарын дароо четке кагат.

Азаттыктын иликтөөлөрү – Кыргызстандын бажы кызматындагы коррупцияга арналган. Ал коррупция тууралуу көптөгөн макала-уктуруулар чыккан, аны менен күрөшүп, аны жоюу керек экенин баарыбиз түшүнөбүз. Бирок «Азаттык» аны кантип түшүнөт жана кандай жыйынтык чыгарат? Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары ансыз деле кедей Кыргызстандан 700 млн доллар чыгарып кеткен дейт.

Бирок экинчи иликтөөдө башка жыйынтык чыгат – Кыргызстандан сыртка которулган миллиондордун бюджетке тиешеси деле жок. Кытайдан Өзбекстанга Кыргызстан аркылуу бараткан товарларды Райым Матраимов аткезчилик жолу менен өткөрүп берген. Бул кылмыш. Алар Ташкендин базарында сатылгандан түшкөн акча мыйзамсыз жол менен кайра Кыргызстанга алып келинген жана аларды Айэркен Саймаити банк аркылуу адалдаган.

Бул дагы кылмыш. Бирок ал акчанын баары бюджеттен уурдалган эмес. Албетте, аткезчилик болбогондо, мамлекетке бажы төлөмдөрү көбүрөөк түшмөк, Өзбекстандан келген акча дагы катталып өтсө, мамлекетке салык түшмөк, бирок андан жоголгон акча – баягы 700 миллион эмес. Бул эки башка кылмышты чаташтырып, популизм ойнобош керек. Саймаити сыртка которгон 700 млн, негизинен, – Ташкен базарынан келген акча.

«Андан тышкары, Кыргызстан жана түрдүү чет өлкөлөрдөгү ачык маалымат булактарынан алынган жүздөгөн документтерди карап-талдап, болушунча далилдер менен тастыктоого бир нече ай сарпталды. Биргелешкен иликтөөнүн жыйынтыгы – Саймаитинин башкы дооматтарынын көбүн тастыктады. Иликтөө ырастагандай, Саймаити чет өлкөлөргө жиберген акчалардын негизги бөлүгү – ушуга чейин биринин дагы сүрөтү ачык жарыялана элек белгисиз уйгур үй-бүлөсүнүн улуусу Хабибулла Абдукадырдын бизнес-түйүнүнөн алынып турган», – дейт экинчи иликтөөдө «Азаттыктын» журналисти Али Токтакунов.

Матраимов же Саймаитини коргогон эч ким жок, бирок эки башка нерсени минтип атайылап чаташтырган радиодон эмнени күтсө болот? Балким, ошол себептен биринчи иликтөөдө көрсөтүлгөн Саймаитинин кол тамгалары эки башка болуп чыгууда жана алардын бири – АКШда жашаган такыр башка адамдыкы. Ошол себептен Эрнис Кыязов азыркы «Азаттык» – биз мурда ар бир сөзүнө ишенген мурдагы «Азаттык» эмес дейт.

Андан да жаманы – 2017-жылы Атамбаев «Азаттыкты» сотко брегенде, анын жетекчилери Бишкекке келип, Атамбаев менен жолуккандан кийин «Азаттык» өзүнүн эң мыкты журналисттерин жумуштан бошоткон. Атамбаевдин туулган күнүнө карата «Азаттык» жалаяктай узун куттуктоо жарыялап, 2016-жылдагы референдум боюнча тегерек столдон болгон репортажды – Фарид Ниязовду мактаган башка бир жалаякка айланткан. Эрнис Кыязов ушулар жөнүндө айтып жатат. Кеп ошондо.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 6 = 15

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: