Menu

Фарид жалганчылардын жалаасына кабылды

Бөлүшүү:

Чаташтыруу, чабыштыруу саясаты коомдогу көз карашты бир топ эле өзгөртүп жиберет. Акыркы кездери саясий айдында, аксап, алсырап турган адамдарды абалынан пайдаланып, “сотко бере албайт, унчукпайт” дегенсип ар кандай саясий оюндарга ар кимди апыртмалар менен аралаштырып иймей адатка айланды. Мына ушундай чоң жаңылыштык, тагыраагы жалган маалыматтын болуп кеткени ачыкка чыкта. 700 миллион чырынын айланасында ар кандай версиялар айтылып, ага катыштыгы бар Хабибулла Абдыкадыр Президент Жээнбековдун инаугурациясында анын жакындары менен олтурган сүрөтү жарыяланып, алардын жакындыгы боюнча кызуу талкуулар болгон. Бул боюнча Президенттин маалымат катчылыгы ал иш чараны баш аягынан бери Атамбаевдик команда тейлегенин айтып, Жээнбековдун Абыдукадыр менен байланышы болбогонун айтып чыгышкан. Бирок, көп өтпөй ал кездеги Атамбаевдин кеңешчиси болгон Фарид Ниязовдун билдирүүсү чыгып, ал билдирүүдө Жээнбеков Ниязовдон Абдукадыр анын эски жана жакын досу болоорун айтып, ошол себептен аны өзүнүн жакындарынын жанынан сыйлуу орун беришин суранганын, ошол себептен Абдукадыр ал орунга отуруп калганын айткан.

Бирок, ал билдирүү эч кандай Фарид Ниязов тарабынан айтылбаганын Ниязов өзү тастыктап чыкты. Кыскасы, ортого от жагып, оюндан ок чыгаргысы келгендер эле, ормон опуза чалгылары келишкен экен.

Булак: “Факты.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 94 − 87 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: