Menu

Депутат Алмазбек Токторов: “Казактар жок контрабандага шылтап, Дамирбек Асылбек уулун камап коюшкан”

Бөлүшүү:

“Мурдагы ЖК депутаты Дамирбек Асылбек уулу боюнча казак соту туура эмес өкүм чыгарган. Юридикалык жактан контрабанда болгон эмес”, – деп ЖК депутаты Алмазбек Токторов (“Кыргызстан”) журналисттерге айтып берди.

– Азыр чегаралар ачык. ЕАЭБ өлкөлөрүндө товарлар, тейлөө, жумушчу күчү эркин жүрө алат. Алар болсо Дамирди “Контробанда” беренеси менен камашкан. Бул биринчиден. Экинчиден, “контрабанда менен алектенген топтун” бардык мүчөлөрүн кое беришкен. Темир тордун ары жагында бир дагы казакстандык калган эмес”, – дейт депутат.

– Бул анык маалыматпы?

– Ооба, бардыгы эркиндик алышкан. Темир тордун ары жагында биздин жарандарды гана кармап турушту. Анткени “ири кылмыштуу топту кармадык” деп жар салып, ММКлар чоң сенсация кылбады беле. Ошондуктан артка чегине албай калышты да. Биздин укук коргоо органдар берген документтерде бардык төлөмдөр төлөнгөнү көрсөтүлгөн, эч кандай контрабанда жок, талаш маселе да болгон эмес. Бирок казак соту бул аргументтерди эсепке албады. Эми Кыргызстанга өткөрүп берип туура кылышты. Биздин Жогорку сот бул жаңы жагдайларды караса болмок.

– Эгерде биздин сот актап жиберсе, эл аралык ызы-чуу чыкпайбы?

– Туура, өткөрүп берүүдө өзүнүн шарттары бар. Эгерде Жогорку Сот актап койсо, казак тарап нааразы болушу мүмкүн. Бирок бул жерде адамдын тагдыры жөнүндө сөз болуп жатат. Анткени Дамирбек Асылбек уулу түрмөгө себепсиз эле олтуруп калды… Ар бир адамдын өмүрү кымбат. Биздин органдар тийиштүү документтерди берсе да, туура эмес өкүм чыгарып салышпадыбы. Бул одоно ката. Эки мамлкеттин мамилеси – өзүнчө. Ал эми адамдын тагдыры андан бийик туурууга тийиш.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 8 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: