“Азаттык” радиосунун «Бажыдагы миллиондор: Карактоо жана калкалоо» аттуу журналисттик иликтөөсүнөн кийин, ар кандай пикирлер жаралды, жадагалса журналисттер кайчы пикир айтышууга өттү. Ушундай сындан кийин «Азаттыктын» журналистти Бакыт Асанов ушул тема боюнча кеңсесине ар тараптуу пикирдеги адамдарды баарлашууга чакырыптыр. Алардын арасында ЖК депутаты Исхак Масалиев бар. Чү дегенде эле журналист эл сөз кылып жаткан суроодон баштайт.
«Азаттыктын» суроосу:
– «Азаттыктын” иликтөөсү чыккандан кийин, айрымдар: “Иликтөөдө мурдагы президенттин аты аталбай калган. Алардын кандайдыр бир кызыкчылык барбы?” деген сыяктуу кинелерди коюп жатат. Бирок, аты аталбаганы менен так мөөнөтү айтылды да, 2013-жылдан 2017-жылдан кийин деп. Ал жылдары ким башкарганы баарыбызга эле белгилүү да. Мөөнөттүн көрсөтүлгөнү маанилүү да. Ошондуктан түшүнүктөрдү бурмалоо болуп жаткан жокпу?
Исхак Масалиев:
– Силер, журналисттер, жаман көрбөгүлө! Өз кезегинде силер коммунисттерди жамандап, “азаттык, свобода» деп, демократияга алып келдиңер. Азыр жыргап жатабыз, силер да жыргап жашап жатасыңар. Силер көз каранды болуп калгансыңар. Мурдагы президент силер менен достук мамиле түзгөн, ал бүгүнкү күнгө чейин сакталып келет, көрүнүп жатат. Силердин иликтөөңөргө 90 пайыз кошулам. Бирок, ал акчаны “Өзбекстандан келген” деп өзүңөр айтып жатасыңар, 7 млн боюнча. Бул боюнча Акылбек Жапаров билет. Ал биздин акча эмес да…
Журналист менен депутаттын кайым айтышуусун төмөндөгү видеодон толугу менен көрсөңүздөр болот:
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ