Menu

“Азаттык” сайтына коркунуч жаралдыбы?

Бөлүшүү:

“Азаттык” сайтынын изилдөөсүнөн кийин Райым Матраимов Кыргызстанга келээрин, барып баардык суроолорго жооп берүүгө даяр экенин айткан болчу. Айткан сөзүнө туруп чет жактан Кыргызстан келгени маалым болду. Ал турсун анын Бишкек шаарынын ичинде эле телефон аркылуу сүйлөшүп жатканын тартып алган тасмасын интернетке жүктөп жиберишти. Кечээ, ак үй алдында анын аракеттерине байланыштуу
айтылып жаткан коррупциялык иштери боюнча митинг болуп, анда миңден ашык жаран анын камалышын талап кылышкан. Бул учурда коррупция боюнча коомдо чоң резонанс жаратка “Азаттык” сайты ИИМ тарабынан кайтарууга алынганын, аталган сайттын журналисттери инстаграмм баракчаларына жазып чыгышты. Маалыматка караганда Ички иштер министрлиги «Азаттык» радиосунун кайрылуусу боюнча журналисттердин коопсуздугуна көз салып турушкан. “Азаттык” радиосунун кызматкери Айгерим Акылбекованын айтымында буга чейин социалдык тармактарда айрым колдонуучулар “Азаттык” радиосунун кеңсесинин алдында дагы акция өткөрөрүн жарыялашкан. Ошондой эле белгисиз адамдар радионун журналисттерине телефон да чалышкан. Сыягы, ушундан улам өз коопсуздуктары үчүн ИИМге кайрылуу жолдошкон окшойт.

Булак: “Факты.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 29 − = 24

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: