Menu

Бишкек ЖЭБине 428 миң тонна көмүр келген

Бөлүшүү:

Быйылкы кыштын башталышы деле жеңил болбочудай. Акыркы жума аба ырайы кескин төмөндөп күндүн көзү ачыла электигине бир жумага жакындады. Ошондо улам быйылкы шаар  жылуулугу кандай болоору баарыбызды тынчсыздандырат. ЖЭБ кышка даярбы? Көмүр жетишээрликпи ЖЭБ Бишкекке учурда 305.8 миң тонна көмүр түшүрүлгөнү маалым болду. Дагы 1.1 млн тонна керектелүүдө. Бул тууралуу ААК «Электрические станция» билдирет.

«Айлана-чөйрөгө таасирди жакшыртуунун камын көрүп, компаниянын жетекчилиги тарабынан көмүрдүн чаңдашын чектеген түзүлүштөрдү сатып алуу чечими кабыл алынган. Бул тузүлүш көмүрдүн чаңын орчундуу түрдө кыскартат, муну менен тышкы абаны булгабастан дээрлик бардык чаң ЖЭБдин аймагына басырылып калат. Түзүлүш чаңдын ызгышына жол бербейт, себеби анда атайын датчиктер коюлган, чаң акырында тең катмарланып басырылат, тышкы абага чандардын чыгуусуна алып келбейт», деп жазылат маалыматта.

Белгилей кетсек, өлкөбүздүн түндүгүндөгү электр энергиясын иштеп чыгарган жалгыз ири булак – Бишкек ЖЭБи, кыш мезгилинде суткасына 6-7 млн. кВт/саат иштеп чыгат, ошондой эле бул көрсөткүч бардык күз-кыш мезгили бою сакталат, бул болжол менен 150 күн, биздин жылуулук электр борборубуз биздин үйүбүздү жылуулук менен камсыздайт.

Булак: “Факты.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 23 − 17 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: