Menu

Бек Борбиев, ырчы: “Маалымат согушунда “Азаттык” калпы менен жеңип, киши өлтүргөн АШАны аппак кылып жатат”

Бөлүшүү:

Ырчы Бек Борбиев кечээги тынчтык митинг боюнча ой-пикирин өзүнүн «Фейсбуктагы» баракчасы аркылуу билдирди. Анда ал «Азаттык» жана Атамбаевге арналган жасаган пост калтырды.

Ырчынын жазганын эч оңдоосуз төмөндөн окуй аласыздар:

«700 миллионго мынча завод, баланча ишкана курмакпыз»,- дейт акцияда.. Күйгөнүңдөн күлөсүң..( Ал акча биздин, мамлекеттин акчасы эмес! Орто Азиядагы базарчы жеке ишкерлердин каражаты. Түшүнүп анан кыйкыралы достор.. Же атайын элди адаштыруу максатпы? Кимдин максаты? Жеке ишкер уйгур байларынын теневой банк менен иштеген системасын «иликтеп» алып, “биздин өлкөнүн акчасы”, – деп бурмалап, коогалаң жараткысы келип жаткан күчтөрдү көрүп, жакаңды кармайсың… Кыргыз элин караңгы деп эсептеп, чабыштырып коюп карап олтуралы дегендерге жол бербешибиз керек. Маалымат согушунда “Азаттык” калпы менен жеңип, киши өлтүргөн АШАны аппак кылып жатат. Ошондой эле ФБдагы трайбалисттер дагы акцияга аралашып жүргөнүн көрдүм.. Бул өкүнүчтүү…
Мамлекет барбы өзү бизде? Бар болсо түшүндүрүү иштерин тез арада өткөрүү керек! Ал миллиондор өзбек, тажик, кыргыз, уйгур, кытай базарчыларынын каражаты экенин, АШАнын адам өлтүргөн айыбын элге айтуусу зарыл.
Соцтармактагы ачыктан ачык трайбалисттик чакырууларды жазган фейктерге чара колдонгула! Болбосо өлкөбүздү дагы өрттөп алып, кийин бекер кылыптырбыз деп өкнүнүп олтуруп калбайлы.. Мындай апендичиликти кылганбыз, билебиз», –деп жазган ырчы Б.Борбиев.

Эске сала кетсек, кечээ, 25-ноябрда. Ак үйдүн алдында «Реакция» аттуу акция өткөн.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 6 = 4

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: