Menu

Депортация болгон кыргыз: “Москвадагы мигранттар үчүн борбор түрмөдөн да жаман экен”

Бөлүшүү:

Депортацияга туш болгон мигранттарды жылдап Москвадагы чет элдик жарандарды убактылуу кармоочу борборунда кармашат. Бул негизинен Орусиянын миграция кызматы депорт болгондордун мамбийлиги менен тил табыша албай калганда болот. Бул борбор салтанаттуу түрдө 2014-жылы декабрда ачылган, беш жылдын аралыгында бардыгы эскирген: сантехника иштебейт, жарыктандыруу бузулган. Түрмө камераларына окшогон бөлмөлөр караңгы, абдан тар. “Известия” гезитинин баяндамачысы Борис Клин атайын дал ушул борборго барып, мигранттар түрмөдөн жаман шартта жашап жаткандарын, көпчүлүк мигранттар болбогон административдик эреже бузуулар үчүн жатканын өз көзү менен көрүп келген.

Ойку-кайкы шыбалган дубалдар

Бул борбор Варшава шоссесинин 64 километринде, мурдагы аскер бөлүгүнүн аймагында жайгашкан. Тосмо дубалдын ары жагында – чыкыйган эки сары имарат турат. Бирок алардын сырты гана жылтырак.

Борбордун имараттары орус өкмөтүнүн токтому менен бекитилип, атайын эрежелер киргизилген. Бөлмөлөрүн бөлмө деп айтууга болбойт. Темир эшиктердин ары жагында түрмөдөгүдөй эле камералар бар. 3-4 кишилик жана 15-20 кишилик бөлмөлөр. Дубалдары ойку-кайкы шыбалган. Түрмөлөр үчүн мындай шыбак тээ 1990-жылдары эле тыюу салынган, анткени мындай дубалды тазалоого кыйын жана оңой эле кол-бетти тытып алса болот.

Мигранттар эски керебеттерде укташат: баягы темир тору бар керебеттер, жыртылган матрастар. Ага жатканда белдери ооруйт экен. Кадимки шейшептер да берилбейт. Анын ордуна реанимация менен процедура кабинеттеринде кездешчү бир жолу колдонула турган “чүпөрөк” десек туура болчудай. Бул “шейшепти” жумасына бир жолу алмаштырып беришет. Ал эми түрмөдө кадимки пакта шейшеп салынат.

Бул камера-бөлмөлөрдө ажаткана жок – анын ордуна челек коюп берип коюшкан же тактайда тешик турат. Анысы да тосулбаган. Суу түтүктөрүнөн суу тамчылап турат. Бөлмөлөрдүн жарыктандыруусу начар, үрүл-бүрүл көрүнөт. Бирөөсүндө дагы терезе жок.

Түрмөдө электр чайнигин же кайнаткычты колдонушат, кээ биринде муздаткычтарынан бери бар. Бирок бул борбордо эмес – электр сайгычтар иштебейт.

Алай-дүлөй тумтак калышкан

Өкмөттүн токтомуна ылайык, борбордо үстөл оюндары, гезит-журналдар, сыналгы, радио болушу шарт. Бирок телевизор атүгүл аялдар бөлмөлөрүндө да жок экен. Радио да жок. Кээ бир бөлмөлөрдө гана Кызыл Крест белекке берген чакан радиолору бар, бирок жаңы батерейка берилбей, иштете албай олтурушат. Гезит-журнал, үстөл оюндары дегенди унутуп коюшкан. Кагаз менен калем да берилбейт, арыз, билдирүү, кат да жаза албайсың. Сырткы дүйнө менен байланыштырган нерсе – чөнтөк телефон, бирок аны да туугандары менен сүйлөшүү үчүн гана кээде чочугансып берип калышат.

– Бул жер түрмөдөн да жаман экен, – деди Кыргызстандын жараны, буга чейин ал Москванын «Медведково» СИЗОсунда жарым жыл олтурган экен.

Белгилей кетчү жагдай, СИЗОдо айыпталуучулар категорияларга бөлүнөт, мисалы, далай жолу олтургандар менен жаңы камалгандар эки башка камерада болууга тийиш. Бирок мындай эреже бул борбордо жок.

Мөөнөтсүз камак

Москва шаары боюнча чет элдик жарандарды убактылуу кармоо борборунун башчысы Алексей Лагода менен сүйлөшсөк, “ремонт керек эле” дейт.

– Оор шартта беш жылдан бери имаратты пайдаланып келебиз, андан бери бул жерден 30 миңден ашык киши өттү, көпчүлүгү мыйзамга баш ийбегендер. Ремонт зарыл, сантехниканы алмаштыруу керек. Бирок биздин колдон келбейт, бул имарат Москванын өкмөтүнө карайт. А биз болгону пайдаланабыз, – деди ал.

“Известия” гезити борбордун ремонту боюнча Москва өкмөтүнүн басма сөз кызматына расмий кайрылсак, жооп да берип коюшкан жок.

“Мигранттарды убактылуу кармоо көйгөйлөрүн чечүү үчүн борборду реконструкция кылуудан тышкары, системалык өзгөрүүлөр зарыл”, – дейт “Жарандык кол кабыш” укук коргоо уюмунун башчысы Светлана Ганнушкина.

– Борбордо элди мөөнөтсүз кармашат, мындай болбош керектигин 2017-жылдын майында Конституциялык сот көрсөткөн, – дейт укук коргоочу айым. Анын айтымында, борбордо эки жылдан ашык жөн эле жаткан мигранттар бар экен.

Туура, ал жактан биз 2017-жылдын 8-августунан бери жаткан Сириянын жаранын, ошол эле жылдын сентябрынан бери жаткан Өзбекстандын жаранын таптык. Экөө тең Орусиядан саясый башпаанек сурап кайрылышкан, бирок Орусия арыздарын четке каккан, бирок өз мекенине кетишин да токтотуп коюшкан. Качан чыга алышат, эч ким айта албайт.

– Арасында Орусияда соттолгондор көп кездешет, алар эч кимге кереги жок. – дейт борбордун дагы бир кызматкери. – Эгерде аларды эки жылдан кийин чыгарып жиберсек, кайра эле бизге алып келишет – анткени бара турган жерлери жок.

Укук коргоочулардын айтымында, жарандыгы жок мигранттар эки жолудан, үч жолудан ушул борбордон өтүшөт экен.

Көзөмөлгө алуу

«Миграция ХХI век» фондунун президенти Вячеслав Поставин чет элдиктерге мыйзам деңгээлинде мамилени өзгөртүү керектигин айтат.

– Бизге чет элдиктер ээн-эркин кире алышат, бирок өлкө ичинде ушундай бюрократиялык “кылтактар” бар деңиз, аягында ушул борборго түшүп жатышпайбы, – деди ал.

Эксперттин айтымында Орусияда мигранттарга өзүнчө макам берүү керек, ошондо алар легалдуу жашап, иштей алышат.

– Согуш болгон Сирия менен Украинадан келгендер бар, алардын бара турган жерлери жок. Анан аларды жылдап ушундай борборлордо кармашып, жөн эле бүджеттин каражатын коротуп жатышат, – дейт эксперт.

Жактоочу Анатолий Кучерен:

– Орусиялык миграция кызматтары менен чет мамлекеттердин органдары менен иштешүүсүндө маселе бар, ошонун айынан нелегалдарды өз мекенине жөнөтө албай жатышат. Мен бул маселени өз көзөмөлүмө алайын, мен ИИМдин коомдук кеңешинин төрагасымын”, – деди эле, уга турган бир киши табылганына сүйүнүп калдык.

Ал эми мигранттар маселеси, бул борбор жөнүндө ИИМден сурасак, жооп берип койгонго жарашпады.

Борис КЛИН

KyrgyzToday.kg кыргызчалады

Булак: “Известия” гезити

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 85 − 80 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: