Menu

Видео – Москвада жапырт мушташка катышкан Өзбекстандын 10 жараны кармалды

Бөлүшүү:

Москвада көчө шыпыруучулардын ортосунда жапырт мушташ болуп, жыйынтыгында 15 киши кармалды. Алардын ону өзбек жарандары. Бул тууралуу Өзбекстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) билдирди.

24-ноябрда басылмалар Москванын Ефремов көчөсүндө ондогон мигранттын катышуусунда мушташ болгонун кабарлашкан.

Орусиянын Ички иштер министрлиги кармалгандар кайсыл өлкөнүн жарандары экендиги тууралуу эч кандай маалымат берген жок. Бирок РБК басылмасы өз булактарына таянып, алар Өзбекстандын жана Кыргызстандын жарандары болгонун жазган.

Маалыматтарга караганда, көчө шыпыруучулар футбол оюну маалында чырдашып кетип, ортодо мушташ чыккан.

Азырынча жабыркагандар тууралуу маалымат жок. Кармалган мигранттарга карата «майда бейбаштык» боюнча административдик протокол түзүлдү.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: