Menu

Финпол башчысы Б.Таиров: “Банктар аркылуу 700 млн доллар эмес, 932,7 млн доллар которулган”

Бөлүшүү:

26-ноябрда ЖКнын экономикалык жана фискалдык саясат боюнча, ошондой эле тартип, кылмыштулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы туруу комитетинде депутат Мирлан Жээнчороев өкмөттөн “Азаттыктын” иликтөөсүнө болгон мамилелсин сурады.

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков бардык фактыларды укук коргоо органдары текшериши керектигин, алар гана конкреттүү бүтүм чыгарарын айтты.

Ал эми Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамкызматтын башчысы Бакир Таиров Кыргызстандан чыгарылган каражаттар боюнча тергөө иши улантылып датканын маалымадады.

“Биз Кыргыызстандын 17 банкынан которулган үч кишини текшердик. Бардыгы 700 млн доллар эмес, 932 млн 736 миң доллар которулган. Айэркен Саймаитинин жана Абдыраз” компаниясынан акчалар Кытайга, Түркияга, Лтвага, Улуу Британияга, Германияга жана башка өлкөлөргө жүздөгөн контрагенттердин эсебине которулган”, – деди ал.

Ошондой эле Б.Таиров акча которууларда текстилдик, курулуш материалдарын, электр товарларды, жер тилке, кыймылсыз мүлк сатып алуу, карыздарды кайтаруу көрсөтүлгөнүн айтты.

“Бул банктардын расмий жооптору. Бул факт боюнча 19-июлда биз Айэркен Саймаитинин салыгын текшердик, ошондо ал кирешеси тууралуу декларация ьапшырбай, 2 млрд 602 млн сом төлөбөгөнүн аныктадык. Бул факт өзүнчө өндүрүшкө алынган. 2019-жылдын 30-августунда А.Саймаитиге сыртынан айыбы угузулуп, соттун чечими менен камакка алуу баш коргоо чарасы көрүлгөн. 1-сентябрда издөө жарыялаганбыз”, – деди Б.Таиров.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: