Menu

Алманбет Шыкмаматов, ЖКнын депутаты: “Экономикага жооп бере турган өкмөттүн командасы чабал”

Бөлүшүү:

-Алманбет мырза, жарандык коом уюштурган митингге жана коомчулуктун көңүл борборундагы бажыдагы коррупцияга президент реакция кылышы керекпи?

-Президент Коопсуздук кеңешинин төрагасы жана коррупция менен күрөшүүнүн башында турган адам катары албетте реакция кылышы керек. Эгерде такыр эле реакция болбой же жарым-жартылай реакция болсо, анда эл “мамлекеттик бийлик коррупцияга белчесинен батыптыр” деген бүтүмдү чыгарып коёт. Ошон үчүн реакция кылып, аталган маселенин чын бышыгын аныкташы керек.

– Мына ушундай жагдайлардан улам экономикабыз жогорулабай, жылдан жылга төмөндөп жатабы?

– Ошондой десек да болот. Ошол эле учурда экономикага жооп бере турган өкмөттүн командасы чабал. Өкмөттүн кадр саясаты өтө начар. Өкмөттө экономиканы көтөрө турган түшүнүктүү реалдуу программасы, позициясы, концепциясы жок экенин да эске алышыбыз керек. Ошондой эле экономиканын начарлашынын бирден-бир себеби – инвесторлордун Кыргызстандан качышы десек туура болот.

– Инвесторлорго Кыргызстанда жагымдуу шарт жокпу же мыйзам баарына бирдей иштебейби?

– Инвесторлор Кыргызстандан криминал күчөгөн үчүн, мыйзамдар иштебеген үчүн качышып жатат. Ошондой эле Кыргызстанда күч органдарынын баары ири инвесторлордон коркутуп, үркүтүп акча алышканы үчүн Кыргызстанга акчаларын салгылары келбей калды. Анткени, ири инвесторлор күчтүү жана туруктуу мамлекеттерге жана адилеттүү соттор бар өлкөлөр баргысы келет. Тилекке каршы, бизде болсо инвесторлордун иштешине бирдей шарт түзгөн жагдайлар жок. Ошон үчүн Кыргызстанда жумушсуздук көбөйүп, экономика жылдан жылга начарлап жатат.

– Сиз санап өткөн жагдайдын баарын жолго салыш үчүн темирдей тартип керекпи же мыйзам иштеши керекпи?

– Бир эле эреже бар адамзатта. Ошол эрежени сактап, коомдо бийликтин мыйзамы эмес, мыйзамдын бийлиги үстөмдүк кылып, мыйзам кынтыксыз иштетиш керек. А бизде болсо баары тескерисинче. Мыйзам эмес, кайсы бир саясий топтордун үстөмдүгү болуп калып жатат. Алар мыйзамды төө басты кылып жатышат.

Булак: «Майдан»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: