Menu

Депутат Кенжебек Бокоев ЕАЭБден чыгууну сунуш кылды

Бөлүшүү:

“ЕАЭБге кирүү алдында жалаң убадалар берилген, эми алар аткарылбай жатат”, – деп 26-ноябрда ЖКнын экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитет жыйынында депутат Кенжебек Бокоев (“Республика-Ата Журт”) айтып чыкты.

Ал мисал катары союз өлкөлөрүндө товарлардын тоскоолсуз өтүшү керектигин айтты.

“Бирок Казакстандан күйүүчү майларды алып келүү мүмкүн эмес. Эгерде бул экономикалык биримдик пайда алып келбесе, андан чыгып кетиш керек”, – деди Бокоев.

Анын айтымында, мигранттардын акча которуусунда дагы чектөөлөр киргизилген.

“Бизге өлкөлөр ортосунда акча каражаттарын которуусуна чек коюлбайт, тоскоолдуктар болбойт дешкен. Бирок бу да жок, чектөөлөр болуп жатат. ЕАЭБге киргени Кыргызстан бүт жагынан утулуп жатабыз, өзгөчө айыл-чарбасында”, – деп депутат нааразы болду.

Ушундай эле пикирди Элвира Сурабалдиева айтып чыкты. Анын айтымында, мигранттар акчаларын үчүнчү тарап аркылуу которууга мажбур, анткени бир мигрант айына 100 миң рубль гана которо алат экен.

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков акча каражаттарын эч чектөөсү жок ишкерлер гана которо алышарын маалымдады. Бирок бул жообу Сурабалдиевага жакпай, көпчүлүк мигранттар Орусияда патент менен иштеп жатышканын, ал эми ири акчаларды которуу үчүн Орусия Федерациясында ЖЧК ачуу керектигин аткаминерге эскертти.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 11 − 10 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: