Бишкек мэриясы муниципалдык мүлк башкармалыгынын бүджетин 2020-жылга карата 20 млн сомго көтөрдү.
2020-жылга карата аталган башкармалыктын бүджетин 140 млн сом деп болжошкон. Бул тууралуу Бишкектин 2020-жылга карата бүджет долбоорунда айтылат.
Мекеменин маалыматына ылайык, муниципалдык мүлк башкармалыгы боюнча бүджеттин өсүү темпи 2019-жылга бекиген бүджетке салыштырмалуу 116,7%ды түзгөн, ошондо 20 млн ашыкча каражат түшүүгө тийиш.
“Мынча суммага көтөрүлгөн себеби, “Газпром” мектебинин ижарасынан түшө турган төлөмгө байланыштуу”, – дейт мэрия.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ