27-ноябрда Бишкектин Свердлов райондук сотунда Бишкек ЖЭБин модернизациялоо боюнча С.Исаковго, Ж.Сатыбалдиевге, О.Лавровага, О.Артыкбаевге, А.Калиевге, С.Авазовго, Ж,Назаровго, Т.Бримкуловго карата кылмыш ишин кароо улантылды.
Сот тараптардын жарыш сөзүн угууга өттү.
Соттун иш кагаздар бөлүмүнө айыпталуучу Осмонбек Артыкбаев келтирилген зыяндын 100 млн сомун төлөгөнү боюнча кат келип түшкөн.
“Мен ага суроо бергим келет, туугандары 100 млн сом төлөп беришиптир, анан суроо туулат…”, – деп жактоочу Нурбек Токтакунов айтып келатканда, сот анын сөзүн бөлүп, жарыш сөзгө өтүшкөнүн айтып, сөздү мамлекеттик айыптоочуга берди.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ