Menu

Видео – Жанар Акаев, ЖК депутаты: «700 миллион доллар Атамбаевдин тушунда чыгарылган. Анын «капчыктарынын» баарын чакыралы»

Бөлүшүү:

Бүгүн, 27-ноябрда, Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Жанарбек Акаев 700 миллион доллар Алмазбек Атамбаевдин тушунда чыгып кеткенин айтты. Ал Аскар Акаевдин убагындагы «капчык» атыккан Муратбек Малабаевден баштап, Мамлекеттик бажы кызматынын мурдагы жетекчилери, абактагы Адамкул Жунусовду, Кубанычбек Кулматовду жана азыр сөз болуп жаткан Райымбек Матраимовду чакырууну сунуштады. Ошондой эле ал бул боюнча өкмөттүн маалыматтарына коомчулук ишенбей, көчөгө нааразылык акциясына чыгып жатканын баса белгиледи.

“700 миллион доллар кимдин тушунда чыгарылып кеткени баарыбызга белгилүү. Атын аташыбыз керек, ал Атамбаевдин тушунда чыгарылган. Журналисттик иликтөөдө да 2017-жылга чейин деп көрсөтүлүп жатат. Макул, Атамбаев ошого күнөөлүү болсун, ал Хабибулла Абдыкадыр менен үйлөрдү курсун, анын учагында учсун, мечиттерди, резиденцияларды салдырсынал өзүнчө маселе. Атамбаев азыр түрмөдө. Бирок азыр эмне болуп жатат, азыр аткезчилик токтоп калдыбы? Биз – Кыргызстандагы эң жогорку орган Жогорку Кеңешушул жерде талкуулап, чечим чыгарышыбыз керек. Болбосо демилге көчөгө чыгып жатат, эртең жазда жаштар мындан он эсе көп чыгат. Аткезчиликти кан буугандай токтотушубуз керек. КамАЗдардан ар биринен 4600 доллардан алып жатышат. Аскар Акаевдин убагындагы «капчык» Муратбек Малабаевден баштап, азыркы Райымбек Матраимов, Адамкул Жунусов, түрмөдөгү Кубанычбек Кулматовдон баштап баарын чакыралы”,-деди Жанар Акаев. 

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 7 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: