Menu

Саймаитиге байланышкан жаңжал биринчи кезекте кимге керек?

Бөлүшүү:

Ушул жылдын май айындагы “Азаттыктын” “журналисттик иликтөө” (чындыгында журналисттик иликтөө эмес, ага төмөнүрөөктө токтолобуз) деп аталган материалында КРнын Бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райым Матраимов уюштурган коррупциялык схемалар аркылуу 2012-2017-жылдардын аралыгында Кыргызстандан Түркияга жалпы суммасы 700 миллион доллардан ашык каражат чыгарылып кеткендиги айтылган. Андан кийинки дебаттарда, тактоолордо, кайчы пикирлерде Матраимовдордун фондусуна Түркиядан Озжан дегендин 200 миң доллар которгондугу жөнүндөгү фактыдан башкасы документтер аркылуу ырасталган эмес.

Бирок, андан көп өтпөй эле ал схемада негизги роль ойногон делинген Айеркен Саймаитинин каржылык документтердеги колу таптакыр башка бирөөнүкү экендигин “5-каналдын” журналисттери аныкташкандан кийин ал берүүдөгү калган фактыларга карата да ишеним азайган. Чындыгында эле схемадагы башкы эсепчи катарында көрсөтүлгөн адамдын документтердеги колу интернеттен алынып, кириш-чыгыш кагаздарына жабыштырыла койгон башка бирөөнүн колу болуп чыкса, деги андай кагаздарга кандай акыл-эстүү адам ишенет?

“Азаттыктын” журналисттери 21-ноябрда дагы эки ЖМК менен биргеликте ал темага кайрылып, бир сааттык экинчи “иликтөөсүн” обого чыгарышты. Иликтөө дегенди тырмакчага алганыбыздын себеби, журналисттер өз алдынча тапкан материалдар эмес, эки жылдан бери Түркияда качып жүрүп, 10-ноябрда өлтүрүлгөн Айеркен Саймаити тарабынан даярдалып, анан “Азаттык” баш болгон эки ЖМК тең шериктикте жарыяланган материал экендиги ачык болду. Орустар мындайды “сливать информацию” деп коюшат. Кыргызстандан кеткенден бери бирөөлөрдөн коркуп, өмүрүнөн коопсузданып, дайыма куралчан жан сакчы менен жүргөн неме “тирүү жан дегениң, бүгүн болсо, эртең жок, эмне болуп кетээрин ким билет” деген ойдо өз кызыкчылыгына жараша маалыматтарды даярдап, ал “Азаттыкка” “сливать” этип жүргөн экен. Ал “сливание” Саймаитинин өз жанын коргоп, өзүн актоо үчүн гана болгонбу, же анда “Азаттыктын” айрым журналисттеринин жекече кызыкчылыктары да барбы, ал тууралуу айта албайбыз. Бирок, ал ишке чоң саясаттагы айрымдар да аралашып, координациялап турушкандыгы ачык эле байкалууда.

“Азаттыктын” акыркы берүүсү эмнеси менен айырмаланды?

Кыргызстандан 700 млн. доллардан ашык каражаттын чыгарылып кеткендиги жөнүндө маалыматты “Азаттыктын” ушул жылдын майындагы берүүсүндө укканбыз. Аны алып баруучу ал акчалардын бардыгы Матраимовдорго таандык кылып көрсөтүүгө аракеттенген менен документтер аркылуу далилдей алган эмес. Кийинки талкууларда, ача пикирлерде ал акчалар көптөгөн ишкерлердин товар сатып алууга топтогон каражаттары экендиги, Айеркен Саймаити Кыргызстанга келгенден бери ишкерлердин акчаларын чет өлкөлөргө чыгарып берүүгө адистешкен жаран экендиги анык болгон.

21-ноябрдагы берүүдө 2012-2017-жылдарда сыртка чыгарылган каражаттардын жалпы суммасы 647 миллион долларды түзгөндүгү, бирок алар негизинен Кытайдын Шиңжан Уйгур автономдуу районунда жашоочу Хабибулла Абдукадыр деген адамдын Ташкенттеги “Абу Сахи” деген базарынан чыгарылган акчалар экендиги ачык болду. Өзбекстанда валюталык тартип катаал болгондуктан “Абу Сахи” базарында топтолгон акчалар алгач Кыргызстанга чыгарылып, анан банктар аркылуу Түркияга жөнөтүлсө, алардын бир бөлүгү андан ары Европага, АКШга, Бириккен Араб Эмираттарына ж.б. өлкөлөргө кетсе, бир бөлүгү адалдангандан кийин кайра Кыргызстандагы схеманын ээлерине которулуп келгендигин Айеркен Саймаити айтты, бир катар документтерди көргөздү. Бирок, тийиштүү органдар ырасташмайынча аларды толук чын деп айтууга да эртелик кылат. Алардын баары болбосо да көбү майдагы берүүдөгү документтердеги Саймаитинин колундай эле жасалма болуп чыгышы да толук мүмкүн. “Азаттыктын” акыркы берүүсүндө уюлдук телефондо Саймаитимин деп сүйлөгөн адам Матраимовдордун фондусуна бардыгы болуп 2,5 миллион доллар которгондугун айтты. Алардын билдирүүсү боюнча, адалданган акчалардан Хабибулла Абдукадыр Бириккен Араб Эмираттарга 50 миллион доллардан ашык которсо, Дубайда Р.Матраимовдун аялы Уулкан Тургунованын наамында жалпы баасы 12,5 миллион долларлык 2 жер участкасы, 1 батир бар экен.

Ошентип бул жолку берүүдө Райым Матраимовго, анын иниси Русланга карата аябагандай оор күнөөлөр коюлгандыгын, алардын бир бөлүгү далилденсе деле экөөсүнүн эркиндикте калуусу өтө чоң маселеге айланарын ачык айталы. Саймаитинин айтуусунда, Хабибулла Абдукадыр Кытайдан Кыргызстанга ай сайын 650дөй товар жүктөлгөн фураларды жөнөтсө, Райым Матраимов транзиттик жүк катарында кагаз толтуруп, ар машина үчүн 4600 доллардан алып, Кара-Суу базарына түшүртүп, ал жерден “Дордойго” жөнөтүп, андан Кыргызстандын товарлары катарында документ жасатып, Россияга жөнөтүп турчу экен. Ал эми Хабибулла Абдукадырдын Ташкентке жөнөтүлчү товарлары адегенде Өзбекстандын Кашкар-Кыштак айылындагы базага түшүрүлүп, анан Руслан Матраимовдун көзөмөлүндө андан ары ташылып кетчү экен. Ошентип Али Токтакуновдун маалыматтарын жалпылаганда, Матраимовдор ай сайын контрабандалык операциялар аркылуу 20-30 миллион доллар таап турушкан болуп саналат. Бул тийиштүү кызматтар тарабынан текшерилип, ачыгына чыгарылбаса, Кыргызстандын жетекчилигинин гана эмес, өлкөбүздүн сырткы имиджине да аябагандай чоң доо кетирет. Анткени, “Азаттык” Айеркен Саймаитинин билдирүүсүнө таянып, Кыргызстандын жогорку даражадагы мамлекеттик чиновниктери аткезчилик менен алектенгендигин жарыялап салды. “Азаттыктын”берүүсүнөн кийин Өзбекстандын тийиштүү кызматтары “Абу Сахи” базарындагы абалга өзгөчө дыкаттыкта карай башташары да шексиз.

Саймаитинин өлүмү кимге пайдалуу?

Эл аралык резонанс жараткан мындай кылмыш катталар замат: “Бул кимге пайдалуу?”-деген суроо пайда болот. Чын эле Саймаитинин өлүмү кимге пайдалуу? Ал кимдерге өзгөчө жакпай калган?

Айеркен Саймаити (бул уйгурча Эркин Самятов дегендин кытай тилиндеги транскрипциясы. Ошондуктан кыргызча Эркин Саматов деп жазган туура болмок, бирок антсек башкалар түшүнбөй калышпасы үчүн биз да башкаларды ээрчип Саматты кытайларга окшоп Саймайити кылып жазганга аргасыз болуудабыз) 1999-жылы Кыргызстанга келип, адегенде ар кандай иштер менен алектенип жүрүп, анан ишкерлердин нак акчаларын Кытайга, Түркияга чыгарып берүүгө адистешкенге өткөн. Мындан бир нече жыл мурда Оштон Үрүмчүгө алынып бараткан ири суммадагы акча каражаттары каракталгандан тартып, кожоюндарынын ишениминен чыгып калгандан кийин Түркияга кетүүгө аргасыз болгон. 2017-жылы Кыргызстанда ага 5 миллиард сомго жакын салыгын төкпөгөндүгү, дагы бирөөнүн 3 миллион 28 миң долларын алдап кеткендиги үчүн кылмыш иши козголгон. Ал 2014-жылы 8-сентябрда жасалма документтер аркылуу Сузак районунун Кызыл-Туу айылынан А№ 3964341, АС 2442976 номерлүү Кыргызстандын паспортун алган, бирок ага жарандык берүү тууралуу жарлык чыкпагандыктан ал мыйзамсыз болуп эсептелет. Ага паспорт берген келинге карата кылмыш козголуп, тергелип, тескелип, сотко өткөрүлгөн.

Саймаити Кыргызстанга же Кытайга экстрадициялоодон катуу корккондуктан улам акыркы жылда Түркиянын жарандыгын алганга тынбай аракеттенип жүргөн. Айрымдардын айтымдарында, ноябрдын аягында ал Түркиянын паспортун да алмак экен. Түркиянын Кытайдагы этникалык уйгурларга боор тартып, аларга жеңилдетилген шартта карап келаткандыгы белгилүү. Бирок, ал Түркиянын жараны боло электе 10-ноябрда өлтүрүп кетишти. Андан кийин Түркиянын ЖМКлары Саймаити Түркияда да бирөөнү 1 миллион 250 миң долларга алдаган, киллерлердин артында ошолор турушу мүмкүн деген божомолдорун жарыялашты. Ал эми биздеги айрым эркин ЖМКлар буга Матраимовдордун, анын артында турган азыркы бийликтегилердин тиешеси бар болуш керек деген жоромолдорун айтып, жазып келатышат.

Кимдин дагы кулагы көрүнүп турат?

Айеркен Саймаитинин акча чыгаргыч бизнесинин гүлдөп, өнүккөн учуру 2012-2017-жылдар болгон. Ошол учурда биздеги айрым эң жогорку кызматтагылардын бизнестеринде уйгур фактору өтө күчөгөндүгү да чындык. Ал жакка аздыр-көптүр катышы бар, мурда АШАнын таразачысы, кампачысы болуп жүргөн А.Ибраимов “Дастанды” жетектеди, мэр болду. АШАнын “Медиа Форумун” Субихи Пархати деген 27 жаштагы жигит 54 миллион сомго сатып алды. Анын Хабибулла Абдукадыр жетектеген компанияларга түздөн түз тиешеси бардыгы, чындыгында ал Хабибулла Абдукадырдын подставалык эле адамы экендиги азыр ырасталууда. Анын аркасы менен Хабибулла Абдукадыр Терек-Сайдагы сурма кенинин бир бөлүгүнө да ээ болгон. “Форумдун” сатылгандыгы жөнүндөгү кагаздар шапке үчүн төлөнгөн акчаларды мыйзамдаштыруу үчүн эле сомдолгон, же дагы бир башка ири операцияны ишке ашыруунун алгачкы кадамы эле болгон. Анткени, Хабибулла Абдукадырдын адамдары кийинчерээк “Мегакомду” сатып алууга, “Коопсуз шаар”долбоорун ишке ашырууну колдоруна алууга да аракет кылышкан. Бирок, бийлик алмашып кеткенден улам ал максаттары орундалбай калган. Эгерде аракеттеги бийлик АША болжогондой, ойлогондой тактекенин эле ролун аткарып калса, Бирштейн, Максим, Ширшов, Елисеев дегендер Х.Абдукадырдын жанында шоона эшкенге да жарабай калышмак экен.

Анан Кыргызстандын бир эмес, эки атайын кызматы тарабынан изделип жаткан Айеркен Саймаитиге дипломатиялык номери бар машинасын берип, аны тайраңдаткан, Кыргызстандын Стамбулдагы мурдагы консулу Эркин Сопоков АШАга таандык “Кыргызавтомаштын” айдоочуларынын бири, анын эң жакын досторунун биринин кара чечекей күйөө баласы болуп жатпайбы!

2010-жылдын апрелиндеги элдик төңкөрүштө Райым-миллионду С.Жээнбеков менен А.Бекназаров Оштогу бажы кызматынын башчылыгынан четтетип салышса, анын 400 миң долларын алып, кайра ордуна койгон ким эле? А.Бекназаров менен АШАнын 2010-жылдын майындагы интернетке чыккан телефондогу жаңжалында ачык эле айтылгандай, ал Убактылуу Өкмөттүн башчысынын биринчи орун басары Алмаз Атамбаев деген адам болчу. Райым-миллионду алты жыл көтөрмөлөп, акырында Республикалык Бажы кызматынын башчысынын биринчи орун басарлыгына алып келип, жетекчиликке шилтегени даяр турган АШАга Райым-миллион күтүүсүздөн эмнеге жакпай калган? Айрымдар ага АШАнын кызы менен Райымдын эжеси келини экөөсү автоунаа койгуч жай талашып, жаңжалдашканы себеп болду дешет. Ал чындыкка жакындабайт, акчага байланышпаса, АША андай нерселерге көңүл деле бурбайт. Ал кызматтан кетип жатканда Райым-миллионду да кызматынан айдаган, ага эки жыл болду. Бирок, Саймаитинин айтымында, андан кийин деле Кыргызстандан мыйзамсыз акча чыгаруулар улантылып келген. Райым-миллиондон кийин Кытайдан келип жаткан жүктөрдү, сырт жактарда кетип жаткан акчаларды ким көзөмөлдөгөн?

Биздин оюбузча, аны мурдагы президенттин ишенимдүү адамдарынын бири көзөмөлдөгөн, Райым-миллионду ошого орун бошотуу үчүн АША кетирген. Анткени, АША өзү кызматтан кеткенден кийин майлуу-сүттүү жерлердин башка бирөөлөрдүн колдоруна тийүүсүн каалаган эмес, Райым миллионго толук ишенбеген. Айеркен Саймаитинин өлүмүнүн бир сыры ушунда жатат. Ал “Азаттыкка” ал адамдар, өзүн коркуткан кимдер экендигин да айткандыгын бөркүңүздөй көрсөңүз болот, бирок алар маалыматты бир жактуу иргеп алышып, Райым-миллион менен азыркы бийликтегилердин беделдерине доо кетире тургандарын гана калтырышып, “арабаны” азыркыларга гана буруп салышкан, алардын артында АШАнын өзү болбосо да анын акчалары тургандай сыяктанат. Өзүңүздөр таразалап көрүңүздөр, мыйзамсыз жүктөрдү өткөрүү, акчаларды чыгаруу негизинен 2012-2017-жылдарда же АША бийликте турган мезгилде болсо да ага карата “Азаттыктагылар” бир да сын айтышпастан, жок дегенде анын атын да атап коюшпастан күнөөнүн баарын азыркыларга төңкөөгө аракет кылышкандары жөн жерден болбосо керек?

Саймаитинин өлүмүнүн экинчи сыры – Үрүмчүдөгү Хабибулла Абдукадыр жетектеген уйгур ишкерлерине барып такалат деп ойлойбуз. Эгерде ал Кыргызстандагы айрым адамдардан корксо, Түркияга качпастан өзүнүн мекени Уйгур автономдуу районуна кетмек. Акчага байланышкан махинациялардан улам ал үчүн Уйгур автономдуу районуна карата жол биротоло жабылгандыгынан, киндик каны тамган жерге барса башынан тез эле ажырап каларын билгендигинен улам Түркияга качкан. Ошондон улам Түркияда жүргөн эки жылдын ичинде мекенине бир да жолу барган эмес. Эгерде ал жакта корко турган эч нерсеси жок болсо, ал ай сайын деле барып турмак. Анткени, жакындык, тамыр-сөөктүк ж.б. мамилелер уйгурларда кыргыздардыкынан да күчтүү, бекем. Байып, ашып-ташып кетсе деле эч кимисинин жөндөн жөн эле элдин катарынан чыгып калгысы келбейт.Мына ушул өңүттөрдөн алганда, бул жактан жоболоңдуу АШАнын “дүбүртү” угулуп, кулагы көрүнүп бараткансыйт…

Жээнбеков АШАдай бизнесчи, соодагер эмес

АША камала электеги “Азаттыкка” берген интервьюсунда өзүн Хабибулла Абдукадыр менен Сооронбай Жээнбеков тааныштыргандыгын айткан. Ал убакта Х.Абдыкадыр дегендин ким экендигин Кыргызстандыктар билишчү деле эмес, бирок “Азаттыктын” кабарчысынын ошол убакта эч кимге белгисиз адам жөнүндө АШАдан сурагандыгы азыр ойлондурбай, шектендирбей койбойт. АША “Азаттык” Матраимовдор, Саймаити жөнүндө топтоп, обого чыгарганы жаткан материал жөнүндө алдын ала билип, мүмкүн таанышып же өзү даярдатып, анан кабарчылардан өзүнөн Х.Абдукадыр жөнүндө суроону өтүнгөн, ал жооптун кийин өзүнө кереги тийерин билген сыяктанат. Иши кылып анда ал Х.Абдукадыр менен аны С.Жээнбеков тааныштыргандыгын айткан.

Президенттин маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Т.Стамалиеванын “Азаттыктагы” экинчи материал боюнча жообуна ылайык, С.Жээнбеков 2012-жылы инвестицияларды тартуу боюнча Ошто өткөн форумда Кызыл-Суу Кыргыз автономдуу облусунун жетекчиси Фархат Турду менен бирге келген Х.Абдукадырдын бир тууганы менен таанышып, ал аркылуу 2017-жылы АША экөөсү акеси менен таанышыптыр. Аракеттеги президенттин бир тууган Абдукадырлар менен болгон байланышы ошону менен токтойт, үзүлөт, анткени, С.Жээнбеков бизнесчи же ишкер эмес. Ал эми ишкер, бизнесчи АША ал тааныштыкты кандай өңүттөрдө өнүктөргөндүгүнө, бийликтен кеткендигине байланыштуу көбү ишке ашпай калгандыгына жогоруда күбө болдук.

Мамлекетти жана өкмөттү жетектегендер өздөрүнүн кызматтык функциялары боюнча, эки күндүн биринде ар кандай калибрдеги саясатчылар, ишкерлер, байлар менен жолугуп турушат. Көбүн ошонун эртеси күнү эле эстен чыгарышат. Жолугушкандардын бардыгынын артынан криминал, жеке кызыкчылык издеген туура эмес. Бирок, АШАдай жолугушканын кандайдыр бир кызыкчылык менен көңүлүнө бекем сактап калып, же тыгыз кызматташып кетип, мураскорунун инаугурациясына чакыртып, эң ардактуу орундардын бирине отургузса, ал башка маселе. С.Жээнбековдун инаугурациясына чакыртыла тургандардын дээрлик бардыгын АША менен Фарид Ниязов аныкташып, орундарына чейин аныкташкан. Ал убакта С.Жээнбековдун президенттик аппараттын ички иштерине кийлигишкенге да укугу болбогон, АША менен Фарид өздөрүн Кыргызстандын 2040-жылга чейинки толук кожоюну катарында эсептешкен. Эми өздөрү Х.Абдукадырды ардактуу 2-катарга аракеттеги президенттин бир тууганынын жанына отургузуп, анан эми өздөрү кылгандарды кайра С.Жээнбековго төңкөп жатышкандары – алардын уят-сыйыттары жок, эки жүздүү коркунучтуу адамдардан экендигин гана айгинелейт.

Саймаитини өлтүргөндөр кармалышты, жакында алар буйрутма бергендер кимдер экендигин да айтышат. Аларга буйрутмачыларды жашыргандын кенедей да пайдасы жок. Окурмандарга ага чейин ар кандай имиштерге, эмоцияларга алданбай чабал өрдөк мурда учат болбой, сабырдуулук менен күтө турууну, ошондо бизге белгисиздердин баары болбосо да көбү ачыкка чыгып, бардыгы орду ордуна коюларын гана айта кеткибиз келет.

Автандил Белеков

Булак: «Майдан»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 37 + = 42

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: