Menu

Екатеринбург шаарынан полиция кызматкери кыргыз жигитин атып өлтүрдү

Бөлүшүү:

Бул тууралуу 27-ноябрда e1.ru басылмасы билдирди. Маалыматка ылайык, Орусиянын Екатеринбург шаарынан 24-ноябрда 28 жаштагы кыргызстандык Качкын Тажиев баңгизат сактап жүргөнү үчүн кармалган. Аны медциналык мекемеге күбөлүндүргөнү алып баратышканда, качканга аракет жасаган.

Полициянын лейтананты артынан кубалап, кууп жеткенде экөө күрөшө кетишип, шектүү жигит полиция кызматкеринин табелдик куралын тартып алууга аракет жасаган. Полиция кызматкери алгач асманга эскертүү огун чыгарып, кол салган неме кайра күрөшкө түшүп, куралды алганга дагы бир ирет аракет кылганда, полиция кызматкери экинчи жолу ок чыгарган. Жигит окуя болгон жерде көз жумган.

Бул боюнча тергөө амалдары жүрүүдө. Колунан жаракат алган кызматкер ооруканага жеткирилген. Качкындын атасы баңгизатты баласына укук сакчылар атайын салып койгондорун айтууда. Качкын Тажиев Орусиянын жараны, анын сөөгү Жалал-Абад облусуна коюлат.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: