Menu

Фото – Касым-Жомарт Токаев Кыргызстанга келди. Аэропорттон Сооронбай Жээнбеков тосуп алды

Бөлүшүү:

Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаев бүгүн, 27-ноябрда Кыргыз Республикасына мамлекеттик визит менен келди. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

«Манас» эл аралык аэропортунда Казакстандын Президентин Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков тосуп алды.

Аэропортто Кыргыз Республикасынын жана Казакстан Республикасынын мамлекеттик желектери илинип, Ардактуу кароол тизилген.

Мамлекеттик визиттин алкагында Касым-Жомарт Токаев Президент Сооронбай Жээнбеков менен жолугушат. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын жана Казакстан Республикасынын Жогорку мамлекеттер аралык Кеңешинин 5-жыйыны өтөт жана анын жыйынтыгында бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлат.

Казакстандын Президентинин Мамлекеттик визитинин алкагында Сооронбай Жээнбеков жана Касым-Жомарт Токаев «Ата-Бейит» тарыхый-мемориалдык комплексине жана Чыңгыз Айтматовдун үй-музейине барышат.

Мындан тышкары, Касым-Жомарт Токаев 28-ноябрда Бишкекете боло турган ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин кезектеги отурумуна катышат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 17 + = 20

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: