Абактагы Алмазбек Атамбаевге аялы Раиса Атамбаева менен жолугушууга уруксат берилди. Бул тууралуу Атамбаевдин адвокаты бүгүн, 27-ноябрда журналисттерге билдирди.
Анын айтымында, Биринчи май райондук соту Раиса Атамбаеванын суранычын аткарганы менен, баласы Кадыр Атамбаевге атасы менен жолугушууга уруксат бербей койгон.
Ошондой эле адвокат Атамбаев өзүн жакшы сезип, кармоо шарттарына эч кандай нааразы эместигин, баягыдай эле көп китеп окуп, спорт менен машыгып жатканын кошумчалаган.
Эске сала кетсек, Алмазбек Атамбаевге оор кылмыштар боюнча беренелер коюлуп, айыбы угузулган. Алсак: адам өлтүрүү, барымтага алуу, массалык башаламандык уюштуруу жана жемкорлук.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ