Menu

Кыргызстандын жарандары бөйрөктөрүн “көмүскө транспантологдорго” сатып келишкенби?

Бөлүшүү:

Жакында Казакстанда адамдардын органдарын трансплантациялоо менен шугулданган кылмыштуу эл аралык топ кармалып, бул окуя эл аралык деңгээлде чоң ызы-чуу жараткан эле. Алардын ичинде Кыргызстандын да жараны бар болуп чыкты.

Казакстандын Ички иштер министрлигинин Тергөө департаменти тарабынан Шымкент шаардык № 1-клиникалык ооруканасынын башкы дарыгери Абылай Донбай кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилгенден кийин бул шылуундуктун көп көмүскө жагдайлары ачыкка чыгып кетти.

“Ал КРнын ККнин 264-б. 2-б. (“эл аралык кылмыш тобуна катышуу”) жана 116-б. 3-б. (“адамдардын органдарын мыйзамсыз алуу”) каралган кылмыш иштерин жасаган деп шектелүүдө”,- деп маалымдады Казакстандын ИИМнин басма сөз кыматы.

Сотко чейинки тергөө иштери жүрүп, анын жыйынтыгында эки жылдан бери Казакстандын аймагында адамдардын органдарын трансплантациялоо менен шугулданган туруктуу кылмыш тобу иш алып баргандыгы аныкталган, дарыгер ушул себептен кармалган. Анын уюштууручулары чет өлкөлүк жарандар болгон.

“Донорлор оор материалдык абалынан улам өз бөйрөктөрүн сатууга аргасыз болгон Өзбекстан, Кыргызстан, Украинанын жарандары, ал эми реципиенттер – (органдарды кабыл алгандар) алыскы чет өлкөнүн, көбүнчө Израилдин колунда бар бай адамдары болгон”,- деп жазылган жарыяланган пресс-релизде.

Тергөө группасы Шымкенттин №1 -ооруканасынын башкы дарыгери кылмыш тобу менен сүйлөшүүгө барып, мыйзам тарабынан адамдардын органдарын алып-сатууга тыюу салынганына карабастан, ири акчалай сый акы үчүн бөйрөктөрдү алмаштыруу операцияларын жүргүзүп келгенин аныктаган.

“Буга чейин врач-трансплантолог Куттымуратов жана кылмыш тобунун мүчөлөрүнүн бири – Кыргызстандын жараны – Тайсалова Б.Т. камакка алынган”,- деп жазылат маалыматта.

Демек, айрым акчага зарыл муктаж болгон жарандарыбыз айласыздан бөйрөгүн сатып келишкен тура. Ал эми дайынсыз жоголуп, табылбай кеткен жана чет элдиктер багып алды деген көз боёмочулук менен өлкөбүздүн аймагынан чыгарылып кеткен балдар жана өспүрүмдөр да ушундай органдарын кесип алган шылуундукка туш болуп жүргөн жокпу?

Булак: «Майдан»

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 89 − = 86

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: