Menu

Бердымухамедов Ашхабадда орнотула турган алабай айкелинин долбоорун жактырды

Бөлүшүү:

Айкелдин долбоору

Ашхабад шаарынын мэри Шамухаммет Дурдылыев калаанын борборуна орнотула турган алабай айкелинин жаңы вариантын көрсөттү. Бул тууралуу «Түркмөнстан хроникасы» басылмасы жазды.

Басылманын маалыматына караганда, президент Гурбангулы Бердымухамедов айкелдин жаңы вариантын жактырды.

Долбоорго ылайык, эстелик турган постаменттин кеңдиги 36 метрди, бийиктиги тогуз метрди түзүп, ага алтын тамгалар менен Turkmen Alabayy деген жазуу түшүрүлөт. Алабайдын өзү алты метр болот.

Расмий басылмалар эстелик 2020-жылы июль айында даяр болорун маалымдашты. Аны тургузууга канча каражат жумшалары айтыла элек.

Мамлекет башчы быйыл сентябрда түркмөн алабайына арналган китебин жазып бүткөн. 13-сентябрда ал өкмөттүн жалпы жыйынында алабайга арнаган китептеги ырын окуп берген.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 33 + = 38

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: