Өзбекстандагы өзбекстандык белгилүү укук коргоочу Талиб Якубов 79 жашында каза болду. Бул тууралуу Өзбекстандын ММКлары жазып чыкты.
Алардын жазганына караганда, Якубов акыркы айларда ооруп, төшөктө жатып калган. Ал Каримовдун учурунда 12 жыл бозгунда жашап жүрүп, Мирзиеевдун тушунда, былтыр эле мекенине кайтып келген.
Укук коргоочу Өзбекстандын адам укуктарын коргоп жүргөндө куугунтукталган. Андагы бийлик аны жарандыктан ажыраткан. 2006-жылы ага жасалма кылмыш иши козголгондуктан, өз өлкөсүнөн чыгып кетүүгө аргасыз болгон. Ал Францияга баш калкалап кетип, ал жерден да өз ишин уланткан. Жүргүзүп жүргөн уюмун каттоодон өткөрүп, укук коргоочулук ишин уланткан.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ