Menu

ӨКМде “өзгөчө кырдаал”, ичтен ирий баштады. Качан чара көрүлөт?

Бөлүшүү:

Кыргызстандагы бир катар тармактардын коррупциялык бети ачыла баштап, коомчулук уу-дуу болуп турган чакта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинде да иттин өлүгү катылып жатканы маалым болгонсуду. Республикадагы өзгөчө кырдаалдарды алдын алып, жайгарып жана кесепеттерин жоюу үчүн жооп берген министрликтин өзүндө өзгөчө кырдаал жаралып жатыптыр. Буга далил – автоунаа бөлүмүнүн башчысы Алмазбек Асылбековдун жана аталган бөлүмдүн айдоочуларынын президент Сооронбай Жээнбековго, Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабековго, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевге, Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаевге, аскер прокурору Нуркамал Набиевге жазган кайрылуусу.

КР ӨКМнин автоунаа бөлүмүнүн, жөнөкөйлөштүрүп айтканда гаражынын башчысы Алмазбек Асылбековдун бул тармакта иштегенине 21 жыл болуптур, башкача айтканда иштин көзүн билген дасыккан адистин катарына өсүп жеткен. Кайсы тармакта болбосун адискөйлөр, иш тажрыйбага бай кадрлар бааланат. А бул ӨКМде тескерисинче адистер четте калып, тааныш-билиш аркылуу адашып келип алгандар адистердин үстүнөн “шеф” болот экен. Мына ушундай адашкан кадрлардын айынан Асылбеков кызматтан четтетилүү алдында, а бошогон орунга министрдин кеңешчиси өзүнө окшогон дагы бир адашкан кадрды алып келүүгө аракет жасап жатыптыр.

Тажрыйбасы, кесипкөйлүгү жок туруп тармакта капысынан пайда болгон кадрлардын бири – так ошол министрдин кеңешчиси экени түшүнүктүү болду болуш керек. Министр Нурболот Мирзахмедовдун кеңешчиси С.Карабаевдин ӨКМ системасына ылайыкташкан билими да, иш тажрыйбасы да жоктугун белгилей кетели. Бирок министр менен жакшы тил табышып алып, эми минтип башка кызматкерлерге кысым кылууда. Асылбековдун айтымында, министр менен кеңешчисинин азыркы ой-максаты автоунаа бөлүмүнүн башчысын эптеп бир шылтоо менен кызматтан кетирип, анын ордуна өз адамын дайындоо болуп жатыптыр. “Аталган бөлүмдө айдоочулардан башка дагы эки адам иштечүбүз: мен жана кампанын башчысы Н.Исмаилов. Бирок кампа башчысы кыскартууга учураган, бирок бул негизсиз болду деп айта алам. Анткени бир эле кызматкер иштеп, жалпы автотранспорт паркындагы иштерге жоопкерчилик ала албашына көңүл бурушкан жок. Жалгыз жооптуу болгонумдан оорусам да ишке чыкчумун, эмгек өргүүсүнө да кете албай келдим”, -дейт Асылбеков. Автоунаа бөлүмүнүн башчысы ага карата кандай кысым болгонун жана кесиби жок кеңешчинин кылык-жоругун мындайча айтып берди:”- Министрдин кеңешчиси мени кызматтан кетирип салам деп коркутуп ай сайын айдоочусу аркылуу 320 литр бензин алдырат. Нөөмөт автоунаасын персоналдуу унаадай эле пайдаланат, эс алуу жана майрам күндөрү автоунааны министрликтин гаражына токтотуп койбойт”. Министрдин мурдагы кеңешчиси Н. Жолборсов 2019-жылдын июль айында 146 миң доллар өлчөмүндөгү пара алууга шектелип кармалган, бул тууралуу жалпыга маалымдоо каражаттары жазып чыгышкан. Бирок бул факт көңүл сыртында калды. Кыязы аны жаап-жашырып коюшту окшойт. Бул жерде “министрдин кеңешчиси министрдин көрсөтмөсүсүз ушундай ири сумманы сурай алат беле?”- деген суроо жаралат. Бирок аны териштирүүнү эч ким каалабады окшойт. Биринчи май райондук соттун чечими менен Н.Жолборсов камакка алынып, “Коррупция” беренеси боюнча айып тагылган, учурда ал СИЗО-1ден бошоду.

“Министрликтин буйругуна ылайык мен өзгөчө кырдаалды жөнгө салуу боюнча Түндүк борборун текшерүүчү комиссиянын курамында болгом. Текшерүүнүн жыйынтыгында биз эч кандай эреже бузуу жок деген корутунду чыгардык. Бирок министр комиссиянын мүчөлөрүн чакырып кайрадан текшерүү жүргүзүп, кандайдыр бир эреже бузууну табууну буйруган. Менимче автогараж боюнча да ушундай окуя кайталанып жатат”,- деди Асылбеков. Ал белгилегендей, министрликте кеңешме болуп, анда министр “коррупциянын баары автогаражда, мен эмнеге айдоочулар айына 10 миң сом алганына макул болуп иштешерин билем, анткени алар бензин уурдашат”,- деп күчтүү билдирүү жасаган. Мындай бетке чапкан билдирүү ошол айтылгандар текшерилип аныкталгандан кийин, же уурдап баратканын колунан кармап алганда жасалаарын билбейт окшойт. Көп жылдан бери таза энтузиазм менен иштеп келаткан айдоочулар даректерине айтылган негизсиз каралоого нааразы болушкан. Алар министрге жолуктурууну талап кылышып, баары чогуу Нурболот Мирзахмедовдун кабылдамасында болушкан. Бирок министр кечирим сураган эмес, ал турмак айткандарын караманча танган. Кеңешмеде көпчүлүк кызматкерлердин арасында айтып, айтканы көптүн кулагына кирсе да айтпадым деп оңой кутулган. “Министрдин кеңешчиси, ӨКМ системасында иш тажрыйбасы да, атайын адистик билими да жок С.Карабаев 1 миң доллар менден талап кылды. Мен баш тартсам ал 2018-2019-жылдардагы автотранспорттук каражаттарды оңдоо иштерине түзүлгөн келишимди сурады. Аны менен катар техникалык экспертиза өткөрүп, ишти Финполго берип, кылмыш ишин козготоорун айтып коркутту. “Мен ал жакта иштегем, ал жакта тааныштарым бар” дегенди кайра-кайра баса белгиледи. Ошол эле күнү мен министрди кеңешчисинин талаптары тууралуу кат жүзүндө кабардар кылдым жана кеңешчисине документтерди көрсөтүүгө уруксат сурадым. Министр менин кайрылуумду кайра эле ошол мен мыйзамсыз аракети үчүн арызданып жаткан кеңешчисинин кароосуна жөнөтүптүр, мындай кылуу коррупцияга каршы күрөшүү тармагындагы мыйзамдуулукту одоно бузуу экенине да карабаптыр. Кийинки күнү мени кеңешчи чакырып алып ӨКМдагы ар кандай документтерди алууга укуктуу экенин орой айтты. Анан дагы айдоочулар менен министрге кирип чыкканымды тескеп “сенин кандай укугуң бар?” дегенге чейин барды”, – дейт Асылбеков. Министр кеңешчисинин үстүнөн кызматкер тарабынан жазылган арызды кайра эле ошол кеңешчинин өзүнө жиберип, атайын максаттуу түрдө чыр жаратканын билүүгө болот. Ошондой эле Карабаев Асылбековдун эмгек эргүүсүндө жүргөнүнөн пайдаланып 2019-жылдын 6-ноябрында министр менен кеңешчиси автогаражга комиссия жиберишкен. “Мен жокто аталган кызматкерлер бардык каржы документтерин талап кылышкан, кампа имаратында болушкан, министрликтин мүлкүн сактоодогу материалдык жоопкерчилик менде экенин карашкан эмес. Менин катышуумсуз эч кимдин ал жерге кирүүгө укугу жок болчу. Аны менен катар айдоочулардан автоунааларды оңдоодон өткөрүү фактылары боюнча түшүнүк кат талап кылышкан. Ушул учурга чейин гараждын жумушчулары, анын ичинде айдоочулар өз иштерин абийир менен аткарышкан. Кызматтык милдеттерибизге байланыштуу биз сутканын ар кайсы саатында өзгөчө кырдаал болгон жерге барабыз. Бүгүнкү күнгө чейин өзгөчө кырдаалдарга өз убагынан кечигип көңүл буруу болгон эмес. Кубатбек Боронов министр болуп турганда ал бизди колдоого алчу, анткени ал киши ӨКМнын системасындагы айдоочулардын татаал ишин жана аз айлык акысын жакшы билчү. Биз мындан ары министрдин жана анын кеңешчисинин гараждын жумушчуларына шылдыңдагандай жасаган мамилеси, кылык-жоругу үчүн унчукпай кое албайбыз.

Сиздерден министрликтин ишмердүүлүгүн текшерүүнү суранабыз. Биз министрдин жана анын кеңешчисинин укуктуулукка каршы, коррупциялык аракеттери ачыкка чыгат деп эсептейбиз. С.Карабаевди кеңешчинин кызматынан четтетүүнү суранабыз, анткени адистик чеберчилиги, ӨКМда иш тажрыйбасы жок, этиканы билбеген адамдын мамлекеттик кызматтагы кеңешчи болууга моралдык укугу жок. Ошондой эле С.Карабаевдин кандай кызматтык милдеттери бардыгын аныктоону суранабыз, ал борбордук аппараттын бөлүм башчыларын өзүнө чакырып, орой сүйлөгөнгө укуктуубу? Кайсы бир тармактын адиси болбой туруп министрге кандай маселелерде кеңеш бере алат?” – деген ӨКМнын жумушчулары президент С.Жээнбековго жазган кайрылуусунда. Мына ушундай, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин ичтен башталган ириңи. Министр менен кесиби жок кеңешчисинин кылыгы өз ишин мыкты билген адистерди кысымга алууда.

Булак: “Майдан.kg”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 73 − 65 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: