Menu

Прокурор Жантөрө Сатыбалдиевди 11 жылга кесүүнү суранды

Бөлүшүү:

Бүгүн, 27-ноябрда, Свердлов райондук сотунда Бишкек ЖЭБди модернизациялоо тууралуу кылмыш ишин кароо уланууда. Соттук процесс судья Инара Гилязетдинованын жетекчилигинин алдында өтүүдө.

Сот буга чейин соттук отурумдарда айыпталуучулардын жана алардын адвокаттарынын сөзұн угуп келсе, бүгүн айыптоочулардын (прокурорлордун) жарыш сөзүн укту.

Буга чейин Сапар Исаковго прокурор 15 жыл, Айбек Калиевди 17 жылга эркинен ажыратууну соттон суранган. Азыр болсо прокурор Марат Кулжабаев экс-премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиевдин мүлкүн конфискациялоо менен бирге аны 11 жылга эркинен ажыратууну суранды. Ошондой эле ал “Улуттук энергохолдинг» компаниясынын мурдагы төрагасы Айбек Калиевдин ошол кездени оорун басары Жолдошбек Назаров, «Электр станциялары» ишканасынын мурдагы жетекчиси Салайдин Авазов жана ЖЭБди модернизациялоо долбоорунун мурдагы аткаруучу директору Темирлан Бримкуловду да 11 жылга кесүүнү суранды. Аны менен катар бардык айыпталуучулардын класстык чинин, сыйлыктарын алып салууну, мамлекеттин пайдасына материалдык чыгымдарды (5 миллиард 439 миллион 527 миң 482 сом) өндүрүп алууну сунуштады.

Эске сала кетсек, 2018-жылдагы кышкы чилдеде, ЖЭБде авария болуп, Бишкектин тургундары бир жума бою жылуулуксуз калган. Үшүп калган эл андагы аткаминерлерди катуу сынга алып, алардын жоопко тартылышын талап кылган. Ошондон улам, териштирүү болуп, оңдоп-түзөө иштеринде коррупция бар экени ачыкталып, эксперттердин тыянагы боюнча, «Бишкек ЖЭБин модернизациялоо» долбоорун даярдоо, кол коюу жана аны ишке ашырууда мамлекетке 5 миллиард 439 миллион сом көлөмүндөгү зыян келтирилгени аныкталып, бир топ адамга кылмыш иши козголгон.

Бир гана мурдагы финансы министри Ольга Лаврова үй камагына чыгып, калганы камакта калган. Алар: экс-премьер-министрлер Сапар Исаков, Жантөрө Сатыбалдиев, мурдагы энергетика министри, депутат Осмонбек Артыкбаев, «Улуттук энергохолдинг» компаниясынын мурдагы төрагасы Айбек Калиев, анын ошол кездеги орун басары Жолдошбек Назаров, «Электр станциялары» ишканасынын мурдагы жетекчиси Салайдин Авазов жана ЖЭБди модернизациялоо долбоорунун мурдагы аткаруучу директору Темирлан Бримкулов. Булардын баарына«Коррупция» жана «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренелери менен айып тагылган.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 85 = 86

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: