Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин бүгүн, 28-ноябрда, Жамааттык Коопсуздук жөнүндө келишими уюмунун Жамааттык коопсуздук кеңешинин кезектеги сессиясына катышуу үчүн келди. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирет.
«Манас» эл аралык аэропортунда Россия Президентин Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков тосуп алды.
ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин кезектеги сессиясына катышуунун алкагында Сооронбай Жээнбеков жана Владимир Путиндин эки тараптуу жолугушуусу болот.
Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ