Menu

Азимбек Бекназаров, коомдук ишмер: “Президент мени Малайзияга элчи кылып жиберсе баш тартпайм”

Бөлүшүү:

-Төбөсү көрүнгөн саясатчылардын баары эле келерки парламенттик шайлоого барууга кызыкдар болууда. Сиз дагы катышасызбы?

– Азырынча андай оюм жок. «Пайгамбар жашына келгенде, кыргыз элиме кызмат кылсам» деп ойлойм. Бирок шайлоо системасы өзгөрүлбөй турганда, мен барып, бир чоң бизнесмендерден таяк жеп каламбы (?) деп корком. Азыр элдин өкүлдөрү эмес эле акчанын, бийликтин адамдары отуруп калды. А менин табиятым андай эмес. Угуп эле жатам, менден улуу, 80 жаштан ашкандар деле партия жетектеп, «парламентке барам» деп оолугуп атышат. Мен ошолорго «ар бириңер ал-акыбалыңарды ойлоп аттангыла» деп кеңеш берет элем. Илгеркидей шайлоо системасы өзгөрүлүп, депутаттар накта эл өкүлү болуп, түздөн-түз эл шайлаган депутаттар болсо, барсам болмок. Биз болсо шайлоо системасын өйгөртө албай келебиз. Бул жолу деле эски система менен барат окшойбуз. Анан ал жерге кимдер келери бештен белгилүү да.

– «Атамбаевди үй камагына чыгаруу керек» деп айттыңыз, бул ойлонуп айтылган кеппи? Эл арасында «Азикеге эмне болгон?» деген таңыркоо күч…

– Мен жеке Атамбаевди эмес, аны мисал келтирип айттым. Мурдагы мамлекет башчыбызды, беш-алты жыл биз башкаруусунда болгон адамдарды террорист, норкаман, киши өлтүргүчтөргө кошуп коюу – мамлекеттик кадам эмес. Кылмыштуу саясатты өзгөртпөйлүбү? Мамлекет башчы, өкмөт башчы сыяктуу адамдарды үй камагына чыгарбайлыбы? «Атамбаевди резиденцияга бала-чакасы менен камап койбойсуңарбы, сот чечимин чыгаргандан кийин зонага кете берет да. Экинчиден, бир жамандык болуп кетсе эмне болобуз? «Экс-президентин камап өлтүрүштү» деп шерменде болбойбузбу?» деген ойду айтгым.

Мен 2010-жылы Бакиевге дагы укук коргоочулар аркылуу айткам. «Резиденцияда үй камагында отурасың. Тергөө бүткөнчө саясатка аралашпайсың» дегенбиз. Ал макул болуп калганда сыртка чыгарып жиберишти. 2005-жылы Танаевди качып кетип жаткан жеринен кармап, бирок эки күндөн кийин үй камагына чыгаргам. Ал убакта башкы прокурор кызматында тургам. Анткени алар каалайбызбы-каалабайбызбы мамлекеттин башында турган адамдар. Ошолорго кичине «Султан сөөгүн корлобой дегендей мамиле кылбайлыбы (?) деген пикир айттым. Бирок колдоо тапкан жокмун. Сөгүш, каргыш угуп жатам. Кеп Атамбаевде эмес. Мага каршы чыккандарга айтарым, «мен Атамбаевден бир дагы кызмат алган эмесмин, силер кызмат алгансыңар».

– Биздин тарыхыбызда мурдагы падышалардын жолу кандай болгон? Бири-биринин башын алганбы, эрегиштен соң кандай кадамдарга барган?

– Эгерде согуш болсо, андай учур болгон. Хандар бири-бирин басып алып, башын алган. Бирок ошол учурда деле сөөк-тамыр боло калып, анан бири-бирине баш ийгени менен бүткөн. Мисалы, Коңурбайды Манас ошондой кылган. Өлтүргөн эмес. Анан кайра Манас намаз окуп жатканда артынан келип согуп кетип жатпайбы. «Хандын башын хан жутат» деген кыргызга анчалык деле тийешелүү эмес.

Манас Көкөтөйдүн ашында Коңурбайды кулата уруп, анан жансоогаласа Алгара атынан бери берип коюп жатпайбы. Бул – Манастын айкөлдүгү. Мен азыркы президенттерге «айкөлдүүлүктү качан көрсөтөсүңөр? Кечээ чогуу жүрүп эле бүгүн «каматам, өлтүрөм» дегениңерди койбойсуңарбы?» деп жатам. «Кимдики туура, кимдики туура эмес» деп элдин башы маң болуп калды.

– Атамбаев досуңузду баары бир жаман нерселерден коргогуңуз келет шекилдүү?

– 2010-жылы согуш башталганда баары Атамбаевдин колтугунда жүргөн. Мен ага боорум ачыган жок. Ал көпкө отурбайт, эртең-бүрсүгүнү эле кайра чыгат. Мен аны сезип жатам. Экинчиден, Атамбаев канчалык дос болсо, Сооронбай андан да жакын, үзөңгүлөш. Парламентте бирге иштешкенбиз. Бул жерде достук жок. Бул жерде уголовный саясат турат. Азыр Атамбаевдин командасынан өтө качкандар Сокенин колтугунда отурушат. Мындай болбойт да. Кеп кош стандартгуулукта эмес, күн кандай тийсе мыйзам так ошондой. Мыйзамдын күчү баарына бирдей тийип турушу керек. Бөлүнбөш керек. Мен Атамбаевге караганда азыркы президентти көбүрөөк колдойм. Эки президентти кууп, үчүнчүсүн камадык, система өзгөрүлдүбү? Мурдагыдай эле калып жатат. Үчүнчү революцияны жандүйнөнүн революциясы кылып, системаны оңдобойлубу, улуттук мамлекеттик идеялар менен реформа кылбайлыбы? Мен Атамбаевди коргогон жокмун, «Атамбаевдин болгону баш коргоо чарасын, камактын түрүн өзгөртпөйлүбү?» деген эле оюм. Кылган иши болсо жазасын тартсын. Мен аны «актап, чыгарып жибергиле» деген жокмун да. Айрымдар бурмалап, «Атамбаевди түрмөдөн чыгар» деп жатат» дешти. Жок, андай эмес. Атамбаев кылган күнөөсүн мойну менен тартыш керек. Канча деген элдик адамдарды камакка отургузуп, сыздатып, кен байлыктарды оңду-солду чачты. Ал жооп бериши керек. Бирок, хулигандардын ортосунда отуруп эмес, президент катары жазасын алышы керек.

– Малайзияга элчи болуп аттанмак элеңиз, ал жагы кандай чечилди?

– Бул маселе ачык турат. Мен Малайзияга элчи болгонго каршы болгон жокмун. Аны президент жана анын айланасы чечет. Ортобузда маселелер бар эле. Жогорку Кеңеш элдик демилге менен курултайда көтөргөн маселени карай башташты. Азыр ага кубанып турабыз. Калган сөз президент жана анын командасында. Бирок, жибереби-жибербейби, көрөбүз. Эгер жиберсе баш тартпайм.

– «Жакынкы күндөрү курултай болот» деп датасын белгилеп жаттыңыздар эле?

– Курултай 14-декабрга коюлду. Күн тартиби, ким доклад жасайт баары аныкталган.

Жамиля Нурманбетова

Булак: “Азия Ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 19 − = 17

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: