Menu

Алмаз Сазбаков, экономика министринин орун басары: “Биздеги машиналардын баасы өтө деле көтөрүлбөйт”

Бөлүшүү:

– Автоунааларга бажы алымдарын учурдагы баа менен сактап турууну өтүнүп, бирок союздаштар аны канааттандырбай коюшту. «Эми мындан аркы абал кандай болор экен?» деп чочулагандар көбөйдү…

– Мындан ары жаңы бирдик тарифи кирет. ЕАЭБдин унааларга болгон бирдик тарифи киргизилет. Жети жылдан мурунураак чыгарылган эски автоунаалар кымбаттайт. Жети жылдан бери жагында чыгарылган автоунааларга азыраак гана акча кошулат. «Жаңы тариф менен жаңы чыгарылган автоунаалар киргизилсин» деген талап болууда. Бизде коомчулукта «Арменияда арзан, алар жакшы сүйлөшүүгө барышкан» деген кептерди айтышат. Аларга деле эч кандай жеңилдетүүлөр боло элек. Алардыкы деле биздикиндей эле. Армениянын кошумча нарк салыгы 20%ды түзөт. Ал эми биздики 12% эле. Ошондуктан, Арменияда биздикинен дагы кымбатыраак болот.

– Автоунаа базарында баа бир топ жогорулады. Ушул бойдон калабы?

– Ар кандай алып сатуулар болушу мүмкүн. Жалпысынан машиналардын баасы өтө деле көтөрүлбөшү керек. Ал эми базар саясаты, соодасында ар кандай күтүлбөстүктөр орун алып турат.

– Унаалар менен бирге 160 товардын да баасы көтөрүлөрү айтылды эле…

– ЕАЭБдин эмки отурумунда бул маселе каралганы турат. Ошондон кийин бул суроого айкын жооп алсак болот.

– ЕАЭБ менен маселе кантип чечилет? Экономика министрлиги аркылуубу?

– Ал жакта иштеп жаткан чоң делегация бар. Баардык министрликтин өкүлчүлүктөрүнөн куралышкан. Бирок, эң негизги координатор экономика министрлиги болуп эсептелет.

Булак: “Азия Ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 26 − 25 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: