Menu

Жантөрө Сатыбалдиев эмнеге тендер өткөрүлбөгөндүгүн түшүндүрдү

Бөлүшүү:

28-ноябрда Бишкектин Свердлов райондук сотунда Бишкек ЖЭБин модернизациялоо боюнча С.Исаковго, Ж.Сатыбалдиевге, О.Лавровага, О.Артыкбаевге, А.Калиевге, С.Авазовго, Ж,Назаровго, Т.Бримкуловго карата кылмыш ишин кароо улантылды.

Сот тараптардын жарыш сөзүн угууну улантууда.

Ж.Сатыбалдиев тергөө учурунда 120 күбө, сот отурумунда 101 күбө суралганын келтирди.

“Мамлекеттик айыптоочу мен 3 министрликтин пикирине көңүл бурбай, буйрукка кол койгонумду айтып жатат. Экономика министрлиги эки сунуш келтирген. Биринчи, подрядчик тандоодо мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө мыйзамга ылайык тендер өткөрүү сунуштаган. Экинчисинде, Эл аралык валюта фондунун ыкмасында грант-элементти эске алуу керектигин белгилейт”, – деди ал.

Ж.Сатыбалдиев подрядчикти тандоо электрэнергетика жөнүндө мыйзамга ылайык жүзөгө ашканын, мында эки мыйзам бири-бирине карама-каршы келбестигин, каралган тармакка байланыштуу мыйзам колдонуларын белгиледи. “Бул Энергетика министрлигинин жүйөөсү, буга сотто көрсөтмө берген Сариев да макул болгон”, – деп Ж.Сатыбалдиев эскертти.

“2013-жылы 2-декабрда өкмөт токтомуна кол койгом. Буйруктан айырмаланып, номативдик укуктук акт (НУА – НПА) деген эмне? Мен кайсыл мыйзамды бузуптурмун? Өкмөт мүчөлөрү бул боюнча эч кандай пикир келтирген эмес”, – деди айыпталуучу.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 5 = 4

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: