Бишкектеги Чыңгыз Айтматов атындагы орус драма театры оңдолот. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы бүгүн, 28-ноябрда билдирди.
Алардын билдирүүсүнө караганда, орус драма театрын оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүү үчүн долбоордун сметасы даярдалып бүткөн, жакында ремонт иштери башталат.
Эске салсак, 1935-жылы орус драма театрын түзүү боюнча токтом кабыл алынган. 2007- жылы “улуттук” статус алган. 2008-жылы Кыргыз эл жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун ысымы ыйгарылган.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ