Menu

Баткендеги прокурордун өлүмүнө айыпталган Мелис Калыков өмүр бою эркинен ажыратылды

Бөлүшүү:

Баткен облусунун мурдагы прокурору Анарбай Мамажакыповдун өлүмү тууралуу иш Ош шаардык сотунда каралып, ага айыпталган Мелис Калыков өмүрүнүн аягына чейин түрмөгө кесилди. Бул тууралуу айыпталуучунун туугандары бүгүн, 28-ноябда билдирди. Ош облустук сотунун басма сөз кызматы тастыктады.

Алардын айтымында, соттун чечими кечээ, 27-ноябрда чыккан. 40 жаштагы Мелис Калыков өмүр бою абакка кесилген.

Эске сала кетсек, 2018-жылы, 17-ноябрда прокурор Анарбай Мамажакыпов киши колдуу болгон, анын сөөгү Баткендеги тоо арасынан табылган. Бул окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин «Киши өлтүрүү» беренеси менен иш козголгон. Кылмышка шектүү катары Баткен облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын ошол кездеги башчысы Мелис Калыков кармалып, Ош шаарындагы тергөө абагына киргизилген. Сот жараяны ушул жылдын 7-майында башталган.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 4

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: