28-ноябрда ЖК депутаты Төрөбай Зулпукаров (КСДП) 2020-жылдагы республикалык бүджеттин долбоорун карап жаткан паламент жыйынында азыр контарбанда көйгөйүнө өзгөчө көңүл бурулуп жатканын айтып, премьер-министрдин кабинетинде бажы системасын онлайн-көзөмөл кылып жатканын колдоду. Анан “Бардык кыргызстандыктар көрө алабы?” деп сурап, сайтты айтып коюуну суранды.
Өкмөт башчы М.Абылгазиев системаны тест режиминде текшерип жатышканын, байланыш боюнча бир аз маселе бар экенин айтты.
“Тесттен өткөрүп алалы, анан сайт ачык болот. Бардыгын көрсө болот”, – деди өкмөт башчы.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ