28-ноябрда Бишкектин Свердлов райондук сотунда Бишкек ЖЭБин модернизациялоо боюнча С.Исаковго, Ж.Сатыбалдиевге, О.Лавровага, О.Артыкбаевге, А.Калиевге, С.Авазовго, Ж,Назаровго, Т.Бримкуловго карата кылмыш ишин кароо улантылды.
Сот тараптардын жарыш сөзүн угууну улантууда.
Жантөрө Сатыбалдиевдин жактоочусу Бакыт Осмоналиев өз сөзүн бул иш боюнча эмнеге Атамбаев суралбай жатканы боюнча баштады.
“Ал киши көрсөтмө бергенде, көп жагдайлар ачык-айкын болмок”, – деди ал. Ошондой эле ал кытай тараптын өкүлү Мусажан Макелек жарым жыл олтуруп, өлкөдөн чыгып кеткенине түшүнбөй жатканын айтты. “Эки жылдан бери айыпталуучулар өздөрүнүн күнөөлүү эместигин далилдеп келатышат”, – деди жактоочу.
Жактоочунун пикиринде, иштин жагдайларына Ж.Сатыбалдиевдин эч кандай тиешеси жок экен. Мыйзам менен бекиген процедуралар бар – 9-беренеге ылайык, алар бүткүл Кыргызстандын аймагында иштейт.
“Ж.Сатыбалдиев кол койгон бардык токтомдор менен буйруктар жокко чыгарылган эмес. Кантип күчүндө турган мыйзамдардан шектенсе болот? Бул документтер кара-каршы деп ким айта алат? Алгач аларды жокко чыгарышк керек да. Бүгүн сот Ж.Сатыбалдиевдин үстүнөн эмес, укуктук системанын үстүнөн жүрүп жаткандай”, – деди жактоочу Б.Осмоналиев.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ