Бүгүн, 28-ноябрь күнү Бишкекте Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмундагы мамлекет башчыларынын саммити өтүүдө. Саммитти өткөрүү учурунда коомдук тартипти камсыздоо жана ыкчам аракеттерди көрүү максатында күн-түн нөөмөт менен милициянын кайгуул кезметтери уюштурулду. Коомдук тартипти төрт миң ички иштер органдарынын кызматкери камсыздашууда жана кызматын сапаттуу өтөө үчүн зарыл болгон бардык шарттар түзүлгөн.
ИИМдин басма сөз кызматы билдиргендей, коомчулуктан кошумча суроо-сунуштар келип жаткандыгына байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги кызматкерлер үчүн кошумча ысык тамак жана кезек-кезеги менен нөөмөттө туруу, ошондой эле жылынуу пункту уюштурулган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ