Menu

Зиядин Жамалдинов, ЖКнын депутаты: “Өкмөттүн кемчилиги – биз айткан көйгөйлөрдү укпай койгонунда”

Бөлүшүү:

– Зиядин Исламович, мен көптөн бери байкап жүрөм, палатанын, комитеттин жыйындарын бир да жолу калтырбайсыз, бир да жолу кечикпейсиз. Бул эмне, калыптанып калган эрежеби же жоопкерчиликпи?

– Эл ишеним көрсөтүп депутаттыкка шайлагандан кийин кечиккен туура эмес да. Депутаттыкты мен жоопкерчиликтүү иш катары сезем.

– Бирок, кээ бир кесиптештериңиздин көз карашы бир аз башкачараак эмеспи. «Депутаттын керээлден-кечке залда отуруусунун эч кажети жок. Анын милдети шайлоочулар менен иштөө» дешет.

– Жогорку Кеңештин өзүнүн регламенти бар. Анда баары көрсөтүлгөн. Эл менен жолугушуу үчүн атайын убакыт каралган. Пленардык жыйын жумасына эки жолу болот. Дүйшөмбү, шейшемби күндөрү комитеттерде, жума күнү фракцияларда иштейбиз. Ар бир эки айда округдарга, шайлоочулар менен жолугушууларга барабыз. Ар биринин өз убактысы бар. Биз ошол регламентга сакташыбыз керек. Туура, кээ бир учурларда округдардан «мектеп ачылып жатат, катышып бересиңерби?» деген сыяктуу чакыруулар келип калат. Андай учурларда карап көрөбүз. Орчундуу иш-чара болсо барыш керек болот. Эл менен жолуккан учурда алардын арыз арманын, муңун угуп келесиң.

– Жол кирени өзүңүз төлөп барасызбы, же бюджеттен акча каралганбы?

– Мурда депутаттар үчүн ички каттамдарга акча бөлүнчү. Азыр андай жок. Өзүбүздүн эсебибизден барабыз.

– Сиз ар кыл маселелерде да көп көйгөйлөрдү көтөрүп жүрөсүз. Өкмөт ошолорго канчалык көңүл бурат?

– Чындыгында эле биз кайрылып, элдин көйгөйлөрүн айтабыз. Өкмөт алардын кээ бирлерин эске алса, кээ бирлерин эске албайт. Өкмөттүн кемчилиги ушул деп ойлойм. Депутаттар тарабынан көп жакшы сунуштар берилип, кемчиликтер айтылат. Өкмөт ошого реакция жасап, кемчиликтерди жоюп, катачылыктарды оңдош керек да. Ошондо өкмөттүн иши кыйла алдыга жылмак.

Булак: “Азия Ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 46 + = 48

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: