Бул тууралуу 28-ноябрда Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
25-26-ноябрь күндөрү республикалык соттук-медициналык экспертиза бүйрөсүнө 12 кишинин сөөгү алынып келинген.
“Аларды сойгон учурда үч киши тоңуп өлгөнү аныкталды, калгандары башка себептерден улам көз жумган. Бардыгы туруктуу жашай турган жери жок селсаяктар”, – деп айтылат маалыматта.
Бишкектин чукул жардам көрсөтүү медицина борборунун кызматкерлери 10 күндүн аралыгында көчөдөн 11 селсаякты алып кетишип, Бишкектин саламаттыкты сактоо уюмдарына жана социалдык камкордук жайларына жеткиришкен.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ