Menu

Темирбек Ажыкулов, агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү бирикмесинин аткаруучу директору: “Соода боюнча алакада Казакстандын талаптары, чектөөлөрү күч алды”

Бөлүшүү:

– Кыргызсган менен Казакстандын соода жана экономикалык байланышы кандай абалда? Эки өлкө ортосундагы соода жүгүртүүгө ЕАЭБдин таасири кандай болууда?

– Негизи, Казакстан менен мамилебиз көп жылдардан бери абдан жакшы. Карым-катнашыбыз бекем болуп, эң жакын кошуна өлкө болуп келебиз. Товар жүгүртүүбүз да жакшы. Бүгүнкү күндө 700-800 млн. долларга жакын товар жүгүртүүбүз бар. Ошол эле учурда көйгөйлөр дагы арбын.

– Кандай көйгөйлөр?

– Биз ЕАЭБге киргенден бери кыргыз продукциясы Казакстанга кирүүсү, базарына жетүүсү оорлошуп кеткен. Оорлошуп дегенибиз – ички мыйзамдары, талаптары күч алып кетти. Мисалы, сүт же эт продукциясын ала турган болсок, алар ЕАЭБдин алкагында биздеги ветеринардык сертификаттар Казакстанда да кабыл алынышы керек болчу. Кабыл алышат, бирок ага кошумча Алматынын өзүндө башка лабораторияларга жөнөттүрүп, ага кошумча талаптарды коюп, ички текшерүүлөр көбөйүп кетти.

Ошол эле учурда Казакстандан Кыргызстанга келген продукциялардын так эсеби жок. Чек арадан канча кирип жатат, киргенден кийин кайда кетип жатат, кайда сатылып жатканы тууралуу көзөмөл жок болуп турат. Бул ЕАЭБдин алкагындагы көрүнүш. Башкача айтканда, чек араны ачып койгону менен ички рыноктун ичиндеги чектөөлөр арбыды. Чек ара ачылгандан кийин кооптонуу дагы болсо керек. Алар өз жарандарынын укугун, ден соолугун коргоо максатында талаптарды киргизип, биздин өндүрүшчүлөр өндүргөн продукцияларын алып барганында кошумча талаптары менен түйшүк жаратып жатышат. Ошондуктан Кыргызстандагы компаниялар Казакстанга барып, ал жерге компания ачып, «компания сатып алды» кылып көрсөтүп, алып киргенге мажбур болуп жатышат.

Жамиля Нурманбетова

Булак: “Азия Ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 31 − = 24

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: