Menu

Жантөрө Сатыбалдиев, экс-премьер-министр: “Менин абийирим өлкө алдында, балдарым жана неберелеримдин алдында таза”

Бөлүшүү:

Бүгүн, 28-ноябрда, Свердлов райондук сотунда Бишкек ЖЭБди модернизациялоо тууралуу кылмыш ишин кароо уланды. Соттук процесс судья Инара Гилязетдинованын жетекчилигинин алдында өтүүдө. Бүгүн сот тараптардын жарыш сөзүн укту.

Анда айыпталуучу Жантөрө Сатыбалдиев сөз сүйлөп, бул иш майда-чүйдөсүнө чейин изилденбегенин, иликтөөдө үстүртөн гана мамиле кылынганын, тергөө калыс болбой калганын баса белгилеп, иликтөөгө ичи чыкпай калгандыгы ұчүн күнөөнү мойнуна албай турганын, судьянын адилеттүүлүгүнө үмүт артаарын айтты. Ошондой эле ал абийири өлкө алдында, балдары, неберелеринин алдында таза экендигин кошумчалады.

Эске салсак, кечээ, 27-ноябрда прокурор Марат Кулжабаев Жантөрө Сатыбалдиевди 11 жылга эркинен ажыратып, мүлкүн конфискациялоону суранган.

2018-жылдагы кышкы чилдеде, ЖЭБде авария болуп, Бишкектин тургундары бир жума бою жылуулуксуз калган. Үшүп калган эл андагы аткаминерлерди катуу сынга алып, алардын жоопко тартылышын талап кылган. Ошондон улам, териштирүү болуп, оңдоп-түзөө иштеринде коррупция бар экени ачыкталып, эксперттердин тыянагы боюнча, «Бишкек ЖЭБин модернизациялоо» долбоорун даярдоо, кол коюу жана аны ишке ашырууда мамлекетке 5 миллиард 439 миллион сом көлөмүндөгү зыян келтирилгени аныкталып, бир топ адамга кылмыш иши козголгон.

Бир гана мурдагы финансы министри Ольга Лаврова үй камагына чыгып, калганы камакта калган. Алар: экс-премьер-министрлер Сапар Исаков, Жантөрө Сатыбалдиев, мурдагы энергетика министри, депутат Осмонбек Артыкбаев, «Улуттук энергохолдинг» компаниясынын мурдагы төрагасы Айбек Калиев, анын ошол кездеги орун басары Жолдошбек Назаров, «Электр станциялары» ишканасынын мурдагы жетекчиси Салайдин Авазов жана ЖЭБди модернизациялоо долбоорунун мурдагы аткаруучу директору Темирлан Бримкулов. Булардын баарына«Коррупция» жана «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренелери менен айып тагылган.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 3 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: