26-ноябрда Анкара шаарында ТҮРКСОЙдун имаратында Кыргыз Республикасынын Элчилигинин колдоосу менен Кыргыз Республикасынын маданиятынын эмгек сиңирген ишмери, Кыргыз Улуттук консерваториясынын доценти, “Устатшакирт Плюс” Коомдук Фондунун көркөм жетекчиси мульти аспапчы Н.Нышанов жана комузчу Г.Байгашкаеванын концерти уюштурулду. Бул тууралуу тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Иш чарада темир жана жыгач ооз комузда, чоордо, сыбызгыда, комузда ж.б. музыкалык аспаптарда залкар музыканттардын чыгармалары аткарылып, музыкалык аспаптардын жасалышы тууралуу кыскача видео фильм көрсөтүлдү.
Концертке жергиликтүү маданий ишмерлер, Анкарадагы Элчиликтердин ѳкүлдѳрү, түрк жана кыргыз студенттери, Азербайжан Республикасынын ТҮРКСОЙдогу расмий ѳкүлү жана ТҮРКСОЙдун кызматкерлери, ошондой эле Түркиянын аймагында жашаган кыргыз мекендештер катышты.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ