Menu

Фото – Сооронбай Жээнбеков Владимир Путин менен жолугушту

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 28-ноябрда, Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушуу Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын төрагалыгы астында өткөн Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Жамааттык коопсуздук кеңешинин кезектеги Сессиясынын алкагында болду.

Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстан менен Россиянын эки тараптуу мамилелери активдүү динамикага ээ болуп, өлкөлөрдүн кызматташуусу бардык багыттар боюнча жемиштүү уланып жатканын баса белгиледи.

Ал Россиянын Президентине ЖККУнун алкагында да, эки тараптуу форматта да активдүү жана жемиштүү кызматташуусу үчүн ыраазычылык билдирди.

«Биз дайым Сизди Кыргызстанда көрүүгө кубанычтабыз, Сизди биздин өлкөдө жакын жана чыныгы дос катары кабыл алышат», — деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Кыргызстан жана Россиянын кызматташуусу мындан ары дагы союздаштык жана стратегиялык өнөктөштүктө өнүгөөрүнө ишеним билдирди.

Россиянын Президенти Владимир Путин Сооронбай Жээнбековго Кыргыз Республикасынын ЖККУдагы төрагалыгынын алкагында аткарылган иштер үчүн ыраазычылык билдирди. Эки тараптуу мамилелердин өнүгүүсү үчүн гана эмес, аймактагы кызматташтык жаатында дагы маанилүү болгон көптөгөн маселелер боюнча Кыргызстан лидерликти көрсөткөнүн белгиледи.

Владимир Путин өлкөлөр ортосундагы эки тараптуу мамилелер ийгиликтүү өнүгүп, чыныгы стратегиялык өнөктөштүк жана союздаштык мамлекеттер аралык жана саясий мамилелердин бардык тармактарында байкалып жатканын өзгөчө белгиледи.

Россия Федерациясынын Президенти кыргыз тарапка БУУ жана башка аянтчаларда россиялык демилгелерди колдогону үчүн ыраазычылык билдирди.

Ал Россия Кыргызстан менен болгон экономикалык байланыштарда лидерлердин бири экенин белгиледи — 2018-жылы өз ара соода-сатыктын жүгүртүүсү 17%дан ашып, Кыргызстандын Россияга экспорту 22%га жогорулаган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 88 − = 81

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: