Menu

Дамирбек Асылбек уулу абактагы жаза мөөнөтүн Молдовановкадагы № 27 түзөтүү колониясында өтөйт

Бөлүшүү:

Экс-депутат Дамирбек Асылбек уулу абактагы жаза мөөнөтүн Молдовановкадагы № 27 түзөтүү колониясында өтөйт. Бул тууралуу ЖАМКнын басма сөз кызматы бүгүн, 28-ноябрда билдирди.

Алардын маалыматына караганда, №1 убактылуу кармоочу жайда кармалган Дамирбек Асылбек уулу боюнча чечим кабыл алынып, ал абактагы жаза мөөнөтүн Молдовановка айылындагы түзөтүү колониясында өтөй турган болгон.

Эске сала кетсек, 37 жаштагы Дамирбек Асылбек уулу 2015-жылы «Кыргызстан» партиясынын тизмеси менен Жогорку Кеңештин депутатты болуп шайланган. 2018-жылы экс-депутат менен кошо 11 киши Казакстандын түштүгүнөн атайын операция учурунда кармалган. «Трансулуттук уюшкан топ түзүп, кылмыш кылышкан, “Экономикалык контрабанда” менен алектенишкен» деген айыптын негизинде, үстүбүздөгү жылдын 24-апрелинде Асылбек Дамирбек уулу Алматы шаарынан 10 жылга кесилген. Кыргызстандын БШКсы анын депутаттык мандаттынан 16-апрелде ажыраткан.

Экс-депутаттын жарандыгы да талашты жараткан. Алгач Казакстан тарап ал Казакстандын жараны экенин айтып чыккан. Бул маселе боюнча Кыргызстандын Башкы прокуратурасынын эл аралык укуктук кызматташуу бөлүмүнүн жетекчиси Асылбек Акматов билдирүү тараткан. “Дамирбек Асылбек уулунун Казакстандын жарандыгы боюнча паспортун текшерүүдө жараксыз деп табылды. Бүгүнкү күндө ал биздин, Кыргызстандын жараны. Казакстандын шарты боюнча, алар адамдын башка жарандыгы бар экенин аныкташса, Казакстандын жарандыгы автоматтык түрдө алынат. Ал учурда Кыргызстандын жараны катары соттолуп жатат. Эгерде экс-депутат соттолуп кетсе, ал Кыргызстанга берилиши мүмкүн», – деген эле.

Кыргызстандын жараны болгон үчүн Бишкекке алынып келинген, тагырагы, 19-ноябрда Казакстандан алынып келинген. Ошол эле күнү Дамирбек Асылбек уулуна Казакстандан чыккан чечимди Жогорку Сот карап, Алматы шаарынын адистештирилген район аралык сотунун аны 10 жылга эркинен ажыратуу тууралуу өкүмүн өзгөртүүсүз күчүндө калтырган.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 8 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: